www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министри Улан Ниязбековдун Австрия Республикасынын Вена шаарындагы иш сапары уланууда. Бүгүн, 5-ноябрда ЕККУнун стратегиялык мерчемдөө бөлүмүнүн жетекчиси Елена Купчина менен эки тараптуу кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү, деп билдирди министрликтин басма сөз кызматы.

ЕККУнун Улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссарынын 15-конференциясынын алкагындагы жолугушууда министр Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигин 20 жылдан бери колдоп келе жатканын белгилеп, бирок өзгөчө олуттуу жетишкендиктер 2003-жылдан 2016-жылга чейинки мезгилде Полициялык программаны ишке ашыруунун жүрүшүндө кесиптик даярдыктын жана материалдык-техникалык камсыздоо боюнча жетишээрлик жогорку деңгээлине жеткенин маалымдады.

Жолугушуунун соңунда Улан Ниязбеков Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Стратегиялык мерчемдөө бөлүмүн жолугушууну уюштуруп, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына системалуу реформалоого көмөк көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости