www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бир тууган уялашы Чыңгыз Айтматов: “Түбөлүк чечилбеген улуу талаш, канткенде адам уулу адам болот, эзелтен чечилбеген улуу талаш, канткенде адам уулу адам болот” деген төрт сабында, адам пендени ойго салып кете берди.
Адамдык сапатты жоготпоонун аракетинде мына ушул төрт сап менен жашоо кечирүүдө адам болуу керек го деп ойлойм. Роза Төрөкуловна өзүнчө личность катары кыргыздын сыймыктуу кызы. “Баатырдын атын алыстан ук, жанына келсең бир киши” демекчи, Роза Төрөкуловнанын жөнөкөйлүгүнө тан бердим. Мына улуулуктун асылы, мына бийиктиктин кадыры!
- Көчөдө апама окшош көздөргө тигилем, бирок таппай келем. Себеби апамдын көзү дүйнөдө жок сулуу көздөр эле дегени бар бир ойчулдун. Сиздин элесиңизде апаңыз кандай болуп элестелип калды?
- Апам өзү сырткы көрүнүшү европалыктарга жакын, чачы сары, көзү көк, денеси жылмакайынан келген өзгөчө апакай эле. XIX кылымда отурукташып калган, көпөстүн кызы болгондуктан, башкалардан алда канча маданияты бийик үй-бүлөлөрдөн болуптур.
Таятам менен таенем 8 балалуу болушуптур. Балдарынын баары илимдүү-билимдүү. Таятам мусулманчылыкты катуу кармашкандыктан, кыздарын медресеге дагы окутуптур. Көрөгөч, кыраакы киши келечекте орустар үстөмдүк кылат деп апамды Караколдогу орус гимназияга окууга берген экен.
Апам доктур болууну эңсеп, медицина жаатына окууга тапшырса. “сен байдын кызысың, совет элине кызматыңды көрсөт” деп албай кайтарып жиберишиптир. Апам сабаттуу болгондуктан, орус, татар тилдерин мыкты өздөштүрүп, латынча жаза билгендиктен, стенография курсун аяктайт.
Өкмөт менен партия апамды Фрунзедеги (Бишкек) чоң жыйналыштарга жөнөтүшчү экен. Атам Төрөкул өз доорунун белгилүү инсандарынынын катарына кирген. Жаштайынан катты эрте таанып, Жамбылдагы Олуя-Ата орус мектебин бүтүргөн экен.
Отузга чыга электе эле мамлекеттик кызматтарда иштептир. Ал убакта, совет бийлигине кызмат кылып, үгүттөө иштерин жүргүзүп турган чагы. Ошол убакта таанышып, бир-бирин жактырып, нике кайып болуп 1925-жылдары үйлөнүшүптүр.
Атам менен апамдын тун уулу Чыңгыз, андан кийинкилери Люция, Илгиз анан кенжеси менмин. Люция эжемдин түгөйү Рево менен дагы бир баласы бөбөк кезинде эле чарчап калышкан экен. Менин атымды Роза деп Чыңгыз агам коюптур.
- Кыргыздын ар бир сөзү жашоодо адам болууга калыптанган терең философия эмеспи. Атаңды көргөн өлбөсүн деген кыргыз...
- Атам менен бирге абакта жаткан адам менен жолугууну Кудай насип кылган экен. Бир жолу Таласка барганымда, көчөдөн бир аял жолугуп, сиз менен менин агам жолуксам деп жатат, азыр ден-соолугу начарлап ооруканада –деди.
Барып жолуктум, ал киши мага тигиле “көздөрүң атаңдыкы, ал аябай жакшы киши эле, абакта жаткан жаздыгына Чыңгыз, Илгиз, Талас” деп жазып алган.
Бир күнү Төрөкулду алып чыгып кетишти, ошол акыркы көрүшүм болду” – деди. Жаздыктагы жазуунун жандырмагына кызыктым, бечара атам менин тукум улоочуларым: Чыңгыз менен Илгиз, мен кайда жүрбөйүн, жүрөгүм тоолордо деген сымал, Таласым ар дайым көкүрөк көөдөнүмдө деп жүрөгү эңшерилип кете берсе керек...
- Канткен менен тектүү жердин уул-кыздары аталып калдыңыздар. Агаңыз Чыңгыз Айтматовдун “Деңиз бойлой жорткон ала-дөбөт” повестиндеги каарманы Кирискти кудум өзүн сүрөттөп койгондой таасир калтырат.
- Чыгармада болгону 4 каармандар: Орган, Мылгун, Эмрайин жана Кириск. Деңиз жана коюу туман. Түшүнүп окуганга терең философия жаткансыйт...
- Туура. 11 жашар бала каарманы аркылуу агам өзүн чагылдырган. Чой атам, атам, Алымкул абам жана Чыңгыз агам. Коюу туманы-жашоодогу тоскоолдуктарды жеңе билүү. Деңиз-бул жашоонун агымы. Ал эми Кириск тукум улоочу протатиб.
Атам атылып кеткен соң, “эл душманынын” балдары деп көп кыйынчылыктарды баштан кечирдик. Шекерде барганда атамдын биртууганы Алымкул агам үйүнө киргизип, турмуш-тиричилигибизге колдон келишинче кол-кабыш кылган.
Бирок улам-улам текшерүүчүлөр келип, тынчтык бербей, “Эл душманынын” балдарына жардам бересиңер дешип, Алымкул, Рыскулбек, Өзүбек абаларыбызды камакка алып, ошол бойдон кайтып келишпеди. Биртууганынын балдары үчүн өз жандарын садака чабышты, кайрандарым!..
- Бир гана бул чыгармада эмес, Чыңгыз аганын мейли “Ак-Кемедеги-балабы, мейли “Атадан калган туяктагы - Авалбекпи же “Эрте келген турналардагы” - Султанмуратпы жана башка чыгармаларында өзүн камтып кеткендей. Ушул каармандарда атага болгон кусалыгы, атанын жытына тойбой өкүттө калган жаш балдар. Балким, агаңыз атасына болгон сагынычын ушул чыгармаларда калтыргандыр...
- Албетте. Агамды бир гана кыргыз элине эмес, бүтүндөй дүйнө жүзүнө тааныткан анын түбөлүк чыгармалары. Балким, кейиштүү тагдырды басып өтпөгөндө, атагы алыска кетет беле, ким билет?! Атабызды жоготкондон соң, тунубуз Чыңгыз агам болгондуктан бизге ата дагы, ага дагы болуп берди.
Мен өз алдынча бүлөлүү болуп, Чыңгыз агам экөөбүз, черибиз жазылганча сүйлөшкөн күндөрүбүз деле болбоптур. Кээде эле, Роза, ушундай чыгарма жазып жатам, ой-пикириңди уксам...деп калар эле. Бирок көпчүлүк чыгармаларын басылмаларда китеп болуп чыккандан соң окуп калып жаттым.
Албетте, Төрөкул менен Нагиманын кызы, Чыңгыз менен Илгиздин карындашы болуу мен үчүн сөз менен жеткире алгыс чоң сыймык. Люция эжемдин уулу Асан Ахматов экөөбүз автор катары Чыңгыз Төрөкулович жөнүндө китеп жаздык, эскерүүлөрдөн камтылган диалог.
Атам Төрөкул Айтматовго арнап “Тарыхтын актай барактары” аталышта китеп жаздым. Чыңгыз агам туурасында чоң китеп жазайын деген ниетим бар. Себеби, Айтматов темасы түбөлүктүү эмеспи...
Динара Асылбекова, журналист
Булак: NazarNews.kg