www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте тоноого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 25-мартта болжол менен саат 02:45 чамасында Бишкек ШИИББнин «102» кызматына «Ала-Тоо» аянтынан каракчылык кылып кетишти деген маалымат келип түшкөн.

Ошол эле күнү 2002-жылы туулган Т.М. аттуу пакистан улутундагы жаран арыз менен кайрылган. Анда арыз ээсин белгисиз жарандар бычак кайчыга окшош буймдар менен коркутуп, күч колдонуп, эки «Айфон» телефонун жана 2000 сомун алып, белгисиз тарапка качып кетишкени жазылган.

Милициянын кайгуул кызматкерлери шектүү катары 1994-жылы туулган А.Т., 1996-жылы туулган Р.у Т. жана 1995-жылы туулган Р.у Б. аттуу 3 жаранды кармашып, Биринчи май райондук ИИБнин Тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен.

Бул факт Биринчи май райондук ИИБи тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 202-берененин (Каракчылык) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости