www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Азыркы депутаттар Кумтөрдү иштеткен компанияга 2 мөнгүнү ит бекер берип койгон”, - деди NazarNews маалымат агенттигине коомдук жана саясий ишмер Кубанычбек Исабеков.

--“Кумтөрдү иштеткен Канадалык компания сотко берсе дагы Кыргызстан уят болобуз. Мен кыргыз жараны катары айтайын, эгер биз мамлекеттен 5 сотых жер алсак орду менен салык төлөйбүз. Бирок Жогорку Кеңештин азыркы депутаттары Кумтөрдү иштеткен компанияга ит бекер эле жерди, тактап айтканда 2 мөңгүнү берип коюшкан. Эмне үчүн бекер беришет? Кыргызстан гүлдөп, өнүккөн өлкөбү? Же экономикабыз ашып-ташып жатабы? Бул депутаттар 5 жылга шайланган, мөөнөтү 2020-жылдын октябрь айында эле бүткөн. Андыктан булардын иштөөсү мыйзамсыз болуп саналат”, - дейт саясатчы.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости