www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тунистик дарыгер Тавхида бен Шейхтин элеси өлкөнүн 10 динарлык банкнотуна түшүрүлдү. Жаңы акча марттын аягында колдонууга чыгарылган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Тавхида бен Шейх.

Тунистин Башкы фондунун директору Абделазиз бен Саид бул чечимди илим жана медицинада ийгиликке жеткен аялзатына сый-урмат көрсөтүү максатында кабыл алынганын билдирди.

«Ал тунистик, араб жана түндүк африкалык алгачкы дарыгер аял болгон. Кийинчерээк бай-кедей, аял-эркек, бөлөк-бөтөн дебей кабыл алган ооруканасын ачкан. Ал ак жүрөк адам катары таанымал болгон. Өлкөсүн жана кесибин сүйүү менен өмүрүнүн аягына чейин дарыгерликти таштаган жок», – деп эскерет Тунис мурастарын изилдөөчү Абдесатар Амаму.

Эске сала кетсек, Тавхида бен Шейх 2010-жылы 101 жашында дүйнөдөн кайткан.

Ал эми дүйнөдө коронавирус пандемиясы күчөп жаткан учурдагы мындай чечимди жергиликтүү тургундар кубаттоо менен кабыл алышты. Учурда COVID-19 илдетине каршы күрөшүп жаткан дарыгерлердин басымдуу бөлүгү аялдар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости