www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алматыда муз үстүндө бийлөө боюнча чебер, Олимпиада оюндарынын бир нече жолку жеңүүчүсү  Денис Тенди акыркы сапарга узатуу зыйнаты башталды.

Коштошуу митинги Алматыда Балуан Шолак атындагы спорт сарайында, Астанада “Барыс-Арена” спорт-комплексинде өтүүдө. Атактуу спортчу менен коштошууга миңден ашуун адамдар келүүдө.

Келгендердин баарысы гүл менен жумшак оюнчуктарды алып келишүүдө. Акыркы сапарга узатуу зыйнаты 10:00 дө башталган.

Денис Тен 1993-жылы 13-июлда Казакстанда төрөлгөн. Ал 2014-жылы Сочиде өткөн Олимпиадада коло медаль тагынган. Андан бир жыл мурда Дүйнө чемпионатында күмүш медаль алган.

2015-жылы "Төрт континенттин чемпионатында", VII кышкы Азия оюндарында чемпион аталган. Ванкувер олимпиадасына катышкан. 2017-жылы Алматыда өткөн Универсиадада чемпион аталган. Ал Олимпиада оюндарына жана дүйнө чемпионатына жеткен биринчи казакстандык фигурист болгон.

Эске сала кетсек, Денис Тенге бычак менен кол салышып натыйжасында 3 литр кан жоготкон. Бычак атактуу спортчунун негизги күрөө тамырларынын бирин кесип кеткендиктен ак халатчандар өмүрү үчүн 2 саат бою күрөшсө да, өмүрүн сактап калууга мүмкүн эмес болуп калган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости