www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Артем Новиков Баткен облусундагы иш сапарында Баткен районундагы Чоң-Талаа айылында бүгүн өрттөнүп кеткен мектепти карап чыкты.

Жергиликтүү бийлик органдарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен биргеликте мектептин имаратын оңдоо жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

«Мектептин имаратын калыбына келтирүү иштерин тездетүү керек. Тиешелүү финансы булактары бөлүнүп берилет», - деди Артем Новиков. 

Мектеп 1980-жылы курулган. Билим берүү мекемеси 180 орунга ылайыкталып, 300дөн ашык окуучу билим алып келген. 

Бүгүн-эртең менен өрт чыккан учурда мектепте балдар болгон эмес, жаракат алгандар жок.

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости