www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер Артем Новиков 20-январда бажыдагы инфраструктураны жакшыртуу боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жыйында Новиков Кыргызстанга Кытайдан келген товарлардын көлөмүн көбөйтүү үчүн берилген тапшырмалар өз убагында аткарылбай калганын сынга алды:

"Бажы тармагындагы тиешелүү инфраструктуранын курулушунун кечигип жатканы үчүн өзүбүздү актай албайбыз. Бир жарым ай мурда, жүк ташуунун азайып кетишинин себептерин карап чыкканыбызда, инфраструктураны өнүктүрүү, дезинфекциялык тосмолорду куруу, товарларды кран менен жүктөө үчүн аянтча түзүү, товарлардын толук эсебин алуу механизмин иштеп чыгуу, анын ичинде бажы-логистикалык аймактарды, аэропортторду өнүктүрүү боюнча тапшырмалар берилген",- деди Новиков.

Жыйында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кадыржан Семетеев тармактын инфраструктурасын өнүктүрүү планы даярдалганын айтты. Бажы-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча келишим бекитүү баскычына келгенин, жакын арада атайын долбоорлор ишке киризилерин кошумчалады.

Новиков Бажы кызматынын төрагасына биринчи этапта "Эркечтам" бекетинен өтө турган жүк ташуучу автоунаалардын санын 30га, "Торугарттыкын" 15ке чейин көбөйтүү үчүн Кытай менен сүйлөшүүнү тездетүүнү тапшырды. 2021-2023-жылдарга карата Бажы кызматын өнүктүрүү боюнча план иштеп чыгууну сунуш кылды.

Эске салсак, Артем Новиков былтыр ноябрь айында өлкөдөгү көзөмөл-өткөрүү пункттарын кыдырган. Андагы «Бирдиктүү пост» системасынын пилоттук долбоору иштебей турганын катуу сындап, жооптуу кызматкерлердин кыйласын кызматтан алган. Айрымдары кызматынан төмөндөтүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости