www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Трамп 70 адамдын жазасын жеңилдетти

Президенттик мөөнөтүнүн акыркы күндөрүн өткөрүп жаткан Дональд Трамп абактагы 73 адамга мунапыс жарыялап, дагы 70 адамдын жазасын жеңилдетти. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары кабарлады.

Мунапыска илингендердин тизмесинде Трамптын мурдагы кеңешчиси Стивен Бэннон, АКШ чет өлкөлүк тыңчы катары айыптаган орусиялык Мария Бутинанын көңүлдөшү, мыйзамсыз акча адалдоо жана алдамчылык боюнча соттолгон Пол Эриксон, реперлер Лил Уэйн жана Кодак Блэк, Трамптын бизнес долбоорун уурдап, атаандаштарына сатып жиберген деген айып менен камалган, «Google» компаниясынын инженери Энтони Левандовски сыяктуу адамдар да бар экени маалымдалды.

Америка маалымат булактары Трамп алгач өзүнө, үй-бүлөсүнө, бир катар «республикачыларга» мунапыс жарыялайт деп күтүшкөнүн, иш жүзүндө андай болбой калганын жазышты. «Reuters» агенттигинин берген маалыматына караганда, Трампты буга Ак үйдүн юристтери көндүрүшкөн. АКШ Президенттик  администрациясынын юрист кеңешчиси Пэт Чиполлоне: «Импичменттин жарыялануусу Трампты кооптуу абалга калтырды. Бул иштер кандайдыр бир деңгээлде күнөөсүн моюнга алуу катары да каралат», — деп билдирген.

Мунапыс — президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнгө чейин аткара бере турган милдеттеринин бири. АКШда президенттин мунапысы боюнча эч кандай доо коюлбайт. Мындай укукту буга чейин да бир катар президенттер колдонуп келген.

Аныгында, Дональд Трамп абактагыларга мунапыс жарыялоосун Роджество майрамына чейин эле баштаган. Бирок 6-январдагы Трамптын тарапташтарынын Капитолийди басып алуусунан кийин иш үзгүлтүккө учурап калган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости