www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков «кызыл зонадагы» иши үчүн бир жолку компенсацияларды албаган, эмгек акыны жогорулатууну талап кылып митингге чыкккан медицина кызматкерлери менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Белгиленгендей, медицина кызматкерлеринин бир жолку компенсациялары төлөнүп берилет. Бул максатта республикалык бюджеттен 200 млн сом каралган.
Артем Новиков билдиргендей, медиктерге компенсациялык төлөмдөр маселеси акыйкат жана ачык чечилет.
Билдирмелерди кароо боюнча комиссиянын курамы жаңыланат. Комиссия талаш жараткан билдирмелерди кайрадан карап чыгып, кабыл алынган чечимдерди иликтейт.
Жолугушууда жакында өкмөт тарабынан кабыл алынган медицина кызматкерлеринин эмгек акысынын өлчөмүн жогорулатууга тийиштүү чечим түшүндүрүлдү.
Ошондой эле саламаттыкты сактоо уюмдарынын кызматкерлери кызматтык милдетин өтөө учурунда аларга карата коркутуу, кол көтөрүү фактылары көбөйүп жаткандыгына байланыштуу кооптонуусун билдиришти. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине аталган маселени карап чыгып, медициналык кызматкерлер тарабынан кесиптик ишмердүүлүгүн аткаруу учурунда физикалык жана моралдык зыян келтиргендиги үчүн жарандардын жоопкерчилигин күчөтүү боюнча сунуштарды киргизүү тапшырылды.
Булак: NazarNews.kg