www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакынкы мезгилде бажы операцияларын ишке ашыруу жана бажы органдарынын иши үчүн кагазсыз чөйрөнү түзүү зарыл. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук аппаратындагы Кырдаалдык борбордун ачылышында билдирди.
Иш-чаранын жүрүшүндө бажы процедураларын автоматташтыруу боюнча бажы кызматынын кыска мөөнөттүү концепциясы каралып чыкты.
Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу эске салгандай, Өкмөт тарабынан бир нече ирет чек араны кесип өтүүдө көзөмөл-өткөрүү пункттарында камераларды орнотуу, кирип-чыгуучу транспорттук каражаттардын номурун фиксациялоо, ошондой эле бажы декларациясын, салмак-көлөмдүк көзөмөл, инспектордук-көзөмөл комплексинин маалыматтарын эсепке алуу боюнча бирдиктүү санариптик платформанын ишке киргизүү зарылдыгына басым коюлган.
«Бажы кызматын автоматташтыруунун экинчи маанилүү этабы катары жүктөрдү обочолонгон түрдө тариздөө долбоорун (электрондук декларация) ишке ашыруу саналат, ал бажы органдарындагы ар кыл коррупциялык схемаларды, укук бузууларды жоюуга, ошондой эле бажы наркын, пост-аудитти, өткөрүү пункттарындагы бажы орган кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугун мониторингдөөнү көзөмөлдөө тутумун камсыздоого мүмкүндүк берет. Маанилүү курам катары экспорт жана импортту ишке ашыруу үчүн коштомо документтерди санариптик форматка өткөрүү саналат. Жакынкы мезгилде бажы операцияларын ишке ашыруу жана бажы органдарынын иши үчүн кагазсыз чөйрөнү түзүү зарыл. Биз силер менен биргеликте күбө болгондой, бүгүнкү күндө бул тутум өткөрүү пункттарында толук кандуу иштебей жатат. Тийиштүү милдеттер коюлду», - деди ал.
Артем Новиков эки ай ичинде бажы процесстерин автоматташтыруу концепциясын ишке ашыруу, автотранспорттук каражаттарды өткөрүү механизмдери жана жүктөрдү бажылык эсепке алуу боюнча бардык милдеттер толук көлөмдө аткарыларына ишеним билдирди.
«Эч кандай кармалуулар болбош керек. Эски тутумга кайтуу болбойт. Кыска мөөнөттө Кырдаалдык борборду ишке берүү боюнча аткарылган иштер бажы тармагын санариптештирүү жаатындагы мыкты көрсөткүч болуп саналат. Буга катар «Достук» өткөрүү пунктунда жүктөрдү электрондук коштоо боюнча пилоттук долбоор ишке берилген. Белгилей кетсек, акыркы айларда жүк ташуулар көлөмү кыскаргандыгына карабастан, 2020-жылдын башталышына салыштырмалуу айрым бажы терминалдары боюнча бажы төлөмдөрүнүн 30%га жогорулагандыгын көрүүдөбүз», - деди ал.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg