www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ереванда Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаев менен Армениянын мурдагы өлкө башчысы Левон Тер-Петросян жолукту. Бул тууралуу Армениянын улуттук конгрессинин маалымат катчысы Арман Мусинян Facebook баракчасында билдирди.

Жолугушуу бейшемби күнү Тер-Петросяндын хан сарайында өткөн.

Акаев Ереванга Россия-Армения университетинин чакыруусу менен барган. Окуу жайдын жетекчилиги ага ардактуу доктор наамын ыйгарууну пландап жатканы айтылат. Ошондой эле өлкөнүн мурдагы башчысы бир катар лекцияларды окумакчы.

Мусинян белгилегендей, Тер-Петросян менен Акаев 8 жылдай эки тараптуу деңгээлде жана КМШ алкагында активдүү кызматташкан.

"Бөтөнчө экөө тең илимден саясатка келгени бири-бирине жакындатып турчу", — деген Мусинян.

Аскар Акаев эгемендүү Кыргызстандын алгачкы президенти. Ал 2005-жылы өлкөдөн качып, ошондон бери Москва шаарында жашап жүргөн. Анын үй-бүлө мүчөлөрүнө бир катар кылмыш иштери козголгон.

Эске салсак, быйыл августта 16 жылдан бери Кыргызстанга биринчи жолу келген Аскар Акаев УКМКга кирип сурак берген. Ал Кумтөр боюнча болгон чындыкты айтып берерин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости