www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Экономикалык, саясый кризистер эле эмес, дин жаатында да көйгөйлөр арбын. Сизде кандай пикирлер бар?

- Өлкөбүздөгү экономикалык абалдын оордугу, чек аралардын чечилбей келгендиги, жумушсуздуктун күчөшү, дээрлик баардык товарлардын кымбатташы аз келгенсип, өлкөбүздөгү диний кырдаал да өзүнчө чоң көйгөйдү жаратууда. Баш мыйзамда “Дин саясатка, мамлекеттик башкарууга аралашпайт. Биз көп конфессионалдуу өлкөбүз, бир да динге артыкчылык берилбейт” деп жазылган. Өлкөдө азыркы диний кырдаал:

а) мамлекеттик түзүлүшкө; б) өлкөнүн жарандарынын биримдигине; в) улуттук баалуулуктардын жана иденттүүлүктүн сакталышына чоң коркунуч жараткан кырдаалга келип калды.

- Кайсы бир динге артыкчылык берүү жагдайлары жокпу?

- Биринчиден, динге негизделген саясый партиялардын жана дин лидерлеринин быйыл күздө өтүүчү парламенттик шайлоолорго катышуусун, мектеп программасына динге негизделген предметтерди киргизүү эл өкүлдөрү тарабынан сунушталуусун, мектептерге окуучулардын дин атрибуттары (хиджаб) менен келүүсүн талап кылууну, Ак үйдө жана башка мамлекеттик мекемелерде намазканалардын ачылуусун, жума күнүн демалыш күн кылууну сунуштоону, шайлоолордогу үгүт ишине дин өкүлдөрүн катышуусун, ТВнын бир нече каналдары аркылуу дин лидерлеринин берүүлөрүнүн, көрсөтүүлөрүнүн байма-бай чыгарылышын, диндин түрдүү эрежелерин сактоону талап кылган жана диндин зыяндуу кадамдарын жарыя кылган жарандарды, дегеле дүйнөбий (светтик) жашоонун принциптерин талап кылган жарандарды жазалоону талап кылган митинг, пикеттердин өтүүсү – ушулардын баары диндин мамлекеттик түзүмдү өзгөртүүгө болгон аракети, мамлекеттик башкарууга аралашуусу жана кайсы бир динге артыкчылык берүү деп эсептесе болот.

Экинчиден, диндин мурун бизде болбогон эрежелерин сактоого үндөө, мажбурлоо дүйнөбий (светтик) жашоону каалагандардын кыжырын келтирип, элдин бир нече топторго бөлүнүүсүнө (арапкул, динкул, маңкурт, теңирчи, кафир, динбезер, батышчыл ж.б.) себепкер болууда.

Мындай каршылашуунун арты жаман болору анык, далил катары кээ бир өлкөлөрдөгү саясый жана диний кырдаалды алсак болот. Ширеңке чаксаң эле кандайдыр бир триггер (от алдыруучу механизм) болсо эле “дүрт” деп өрт чыгып, жарылып кетчү абалга келип калдык.

Эгемендик алган жылдардын башында элибиздин биримдиги, ынтымагы азыркыдан бир нече эсе жакшы болчу. Азыр диндин кызыкчылыгы үчүн түрдүү кылмыштарга, адам өлтүрүүгө, алтургай согушууга даяр жарандардын армиясы даяр болуп калгандай.

Үчүнчүдөн, бөлөк элдин баалуулуктарын (тилин, улуттук кийимдерин, салтын, жашоо эрежелерин) өз элинин баалуулуктарынан жогору койгон жарандардын саны жылдап эмес, айлап, апталап көбөйүүдө.

Социалдык тармактарда “салтыңды урдум”, “Манасың тигиндей, мындай”, “ырдаган, музыкалык аспаптарды черткен чоң күнөө” жана башка толгон-токой кыргыздын улуттук баалуулуктарына тил тийгизген, улуттун ар-намысын кордогон билдирүүлөр көбөйүүдө.

Мындай жагдай жакшылыкка алып келбейт, бир жагы жарандык согушка алып келсе, дагы бир жагы кыргыздын улут катары жок болуп кетүү этабынын башталышы болуп калуусу мүмкүн. Жогоруда жазылган диний абалдын себептери кайсылар?

Өлкөгө ар түрдүү мамлекеттерден (Пакистан, Бангладеш, Катар) диний билим алып келишкен түрдүү агымдардын (анын ичинде дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө тыюу салынган террористтик багыттардын да) идеологиясына сугарылган өз жарандарыбыздын өлкөбүздүн ичинде эч бир тоскоолдуксуз активдүү иш жүргүзүүсү саналат.

- Эмне кылуу керек?

- Диний уюмдардын жана дин лидерлеринин ишмердүүлүгүн биздин өлкө кабыл алган ханафий мазхабынын принциптерине туура келтирүү, ылайыктоо боюнча бийлик тараптан чукул мезгилде кескин, катаал чаралар көрүлүүсү зарыл.

Мамлекеттин дин боюнча концепциясын кайрадан карап чыгуу, жогоруда жазылган жагдайларды эске алуу менен оңдоп-түзөөлөрдү киргизүү, парламент тарабынан божомолдонгон коркунучтардын алдын алууга багытталган мыйзамдарды кабыл алуу зарылчылыктары бар.

Мындай превентивдүү чараларды көрбөсөк, эртең кеч болуп калуусу толук мүмкүн, бармагыбызды тиштемек түгүл, колубузду чыканагыбыздан тиштеп жулуп алсак дагы “жоо кеткен соң кылычыңды ташка чап” дегендей абалда калабыз, өлкөбүзгө дагы бир эң чоң, эң бир коркунучтуу көйгөй жаратып алабыз. Ал көйгөйдүн кесепеттери канчалык кейиштүү болорун жазгандан корком, колум да барбайт...

Булак: Азия News гезити

Последние новости