www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Афганистандын борбору Кабул шаарына барды. Ал жактан Афганистан Ислам Эмиратынын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки (Amir Khan Muttaqi) менен жолугушту. Бул маалыматты Афганистан Ислам Эмиратынын өкмөтүнүн катчысы Забихулла Мужахид социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу жарыялаган.

Жолугушууга Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев да катышкан.

Кыргызстандын делегациясы «Талибандын» өкмөтү менен мындай деңгээлдеги жолугушуу өткөргөн Борбор Азиядагы алгачкы өлкө болду.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 2006-жылы «Талибан» кыймылы террористтик уюм деген чечим чыгарган. Анын ишмердүүлүгүнө Кыргызстанда тыюу салынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости