www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин айрым жерлеринде 24-сентябрда жарык өчөт. График

Бишкектин кээ бир райондору жума күнү, 24-сентябрда, жарыксыз калат. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасы билдирди.

Электр энергиясы өчө турчу жерлер:

9:00дөн 17:00гө чейин — Дэн Сяопин проспектисинин, Серпухов, Корейская, Каракумская, Маликов, Алыбаев көчөлөрүнүн, Оттук кууш көчөсүнүн тилкелеринде, Арча-Бешик конушунда (Эр-Тайлак, Кара-Кужур, Ак-Түз, Камбар-Ата, Кең-Кол, Кең-Суу, Садыбакасов, Алты-Түтүн, Чортеков, Арча-Бешик көчөлөрүндө) жана "Бишкек" Эркин экономикалык аймагында;

9:00дөн 18:00гө чейин — Победа, Республикалык, Коммунаров, Рижская, Месароша, Кронштадцкая, Панфилов, Бакаев көчөлөрүнүн жана Чүй проспектисинин тилкесинде;

9:30дан 12:00гө чейин — Дорожная, Элебесов көчөлөрүнүн жана Красноярск кууш көчөсүнүн тилкесинде;

9:30дан 12:30га чейин — Кара-Жыгач конушунда (Достоевский, Кара-Жыгач, Исакеев көчөлөрүндө);

9:30дан 17:00гө чейин — Токтоналиев көчөсүндөгү № 80 үйдө;

9:30дан 18:00гө чейин — Тоголок Молдо көчөсүндө Васильевден Щербаковго чейин;

12:00дөн 14:00гө чейин — Фере, Орозбеков жана Мусоргский көчөлөрүнүн тилкелеринде;

14:00дөн 16:00гө чейин — Бельская, Наманган, Рабочая көчөлөрүнүн, Адыр жана Берлик кууш көчөлөрүнүн тилкелеринде.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости