www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Полковник Канат Жумагазиев бүгүн, 23-сентябрда кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнүнө карата куттуктады.

"Урматтуу мекендештер баарыныздарды мамлекеттик тил күнү менен куттуктаймын.

Кыргыз тили - кыргыз элинин улуттук тили, улуттук маданиятынын формасы, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили болуп саналат.

Бүгүнкү күнү биз ата-бабаларыбыз мурастап кеткен көөнөрбөс сөз казынасын сактап калуу менен аларды окуп үйрөнүү, аң-сезимибизди, тилибизди байытуу биздин милдет болуп саналат.

Улуу кыргыз элинде Эне тили үчүн күйүп, аны көздүн карегиндей сактоого жан үрөп келген инсандарыбыз да жок эмес. Айта кетсек, адамзаттын маданий кенчи - «Манас» сыяктуу мухиттей теңдешсиз эпосту даңазалаган Саякбай Каралаев, Кыргыз мамлекетин түбүн түптөгөн Жусуп Абдрахманов, Кыргыз арибин түзгөн Касым Тыныстанов жана ушул өңдүү улуу муундагы инсандарыбыздын тили ар дайым Кыргызстан элинин ынтымагына, жакшылыгына, өнүгүүсүнө өбөлгө болуп келген.

Тилибиз түптүү элдин, уюткулуу улуттун, өнүккөн өлкөнүн мамлекеттик тили катары жогорку деңгээлге көтөрүү үчүн, бүгүнкү күндүн замандаштарыбыз улуу муундун өрнөктүү өрнөгүн татыктуу улап, аны толугу менен турмушка ашырылышына өз салымдарын кошоруна терең ишеним ар бирибиздин жүрөгүбүздө сакталып келет.

Бардыңыздарды дагы бир жолу мамлекеттик Кыргыз тил күнү менен куттуктап, албан ийгиликтерди каалаймын", - деп айтылат Жумагазиевдин куттуктоосунда.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости