www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Шектелгендиги тууралуу кабарлама ‒ бул сотко чейинки өндүрүш баскычында баштапкы шектенүүнү көрсөтүү", - деди бүгүн, 23-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине юридика илиминин доктору жана экс-депутат Турдукан Жумабекова
"Кыргыз Республикасынын жаңы жазык-процессуалдык мыйзамдары адамдын жана жарандын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого, процессуалдык функцияларды так ажыратууга жана сотко чейинки өндүрүштө тараптардын атаандаштыгынын чектерин кыйла кеңейтүүгө багытталган. Алсак, узак убакыттан бери жазык процессинин баштапкы баскычы болгон жазык (кылмыш) ишинин козголушу Кыргыз Республикасынын жаңы Жазык-процесстик кодексинде (мындан ары ‒ ЖПК) түп-тамырынан жоюлуп, анын ордуна сотко чейинки өндүрүш киргизилген.
Өз кезегинде, сотко чейинки өндүрүш Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде (мындан ары ‒ КЖБР) арыз, кылмыш жана (же) жосун жөнүндө билдирүү катталган учурдан тартып, прокурор тарабынан иштин материалдарын аны маңызы боюнча кароо үчүн сотко жөнөтүү же медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу же болбосо ишти кыскартууга чейинки мезгилди камтыйт.
Ушулар менен катар, эски ЖПКдан айырмаланып жаңы ЖПКда күбө-калыс институту жоюлган. Күбө-калыс институту тергөө органдарында расмий белгилөө (фиксация) техникалык каражаттары жетишсиз болгон учурларда актуалдуу болгон. Ал эми азыркы шарттарда видео жана үн жаздыруу тергөө аракетинин жүрүшүн объективдүү, так жана толук жазууга, ошондой эле далилдерди жазгырууну алып салууга мүмкүндүк берет.
ЖПКнын эң маанилүү жаңылыгынын алдыңкыларынан болуп атайын тергөө амалдары саналат. Бул жаңылык киргизүүнүн мааниси тергөө ишинин да, изин суутпай издөө иш-чараларынын да кылмыштарды тез арада жана толук ачууга, аларды жасаган адамдардын бетин ачуу жана аларды жоопко тартууга багытталгандыгында жатат. Атайын тергөө амалдары кылмыш жана аны жасаган адам жөнүндө маалыматты башка жол менен алууга мүмкүн болбогон учурларда гана жүргүзүлөт. Сотко чейинки бир өндүрүштө атайын тергөө амалдары жүргүзүлүшү мүмкүн болгон жалпы мөөнөт тергөө судьясынын токтомунда көрсөтүлөт.
Кат алышуунун, телеграф билдирүүлөрүнүн, телефондук сүйлөшүүлөрдүн жашыруундулугуна жана турак жайдын кол тийгистигине болгон конституциялык укуктарды чектей турган атайын тергөө амалдары (мисалы, бөлмөлөрдү, имараттарды, курулмаларды иликтөө; почталык жөнөтүүлөрдү, телеграфтык жана башка билдирүүлөрдү контролдоо) тергөө судьясынын чечими боюнча жүргүзүлөт.
Ошондой эле, тергөө амалдарын жүргүзүүнүн жалпы эрежелерине тергөө амалдарын жүргүзүүдө расмий белгилөө (фиксация) техникалык каражаттарын колдонуу милдеттүү деген ченем киргизилген.
Мындан тышкары, ЖПКда суракты видео байланыш (дистанциялык суракка алуу) режиминде суракка алууну жөнгө салган ченем камтылган, анын башкы өзгөчөлүгү ‒ сурак алуучу адам иш боюнча териштирүү жүргүзүп жаткан органдын имаратында, ал эми суракка алынып жаткан адам өзү жүргөн ошол райондун же жашаган аймагындагы сотко чейинки өндүрүш органынын имаратында жайгашышат. Сурак видео-конференц байланыш аркылуу суракка алуу талаптарын сактоо менен жүргүзүлөт.
Маанилүү өзгөрүүлөрдүн катарын процесстин катышуучуларынын, тактап айтканда, адвокаттын экспертизаны жүргүзүүнү демилгелөө укугу толуктайт, бул өз кезегинде тараптар үчүн бирдей процессуалдык мүмкүнчүлүктөр түзүлгөндүгүн айгинелейт.
Ошондой эле, окуянын кырдаалын жана жагдайларын кайталоо тергөө амалдарынын өз алдынча түрү катары жаңы ЖПКдан орун алган жок.
Ал эми адамга аны кылмыш жана (же) жосун жасагандыгы жөнүндө шектелгендиги тууралуу кабарлоонун негиздерин жана тартибин жөнгө салган ЖПКнын атайын главасы (32-глава) жазык иши жана жосун иши боюнча адамды шектүү катары таануунун жаңы процессуалдык формасын аныктап, сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө коргоо функциясын олуттуу түрдө күчөттү.
Шектелгендиги тууралуу кабарлама ‒ бул сотко чейинки өндүрүш баскычында баштапкы шектенүүнү көрсөтүү болуп саналат, тактап айтканда, бул эски тартиптеги адамды айыпталуучу катары тартуунун аналогу. Маалыматты КЖБРге киргизүүдөн мурун же мындай киргизүүсүз процессуалдык аракеттерди, анын ичинде тергөө амалдарын жүргүзүүгө жол берилбейт. Шектелгендиги тууралуу кабарлама адамга (шектүүгө) жактоочусунун катышуусунда ал чыгарылган күндөн тартып 24 сааттан кечиктирилбестен тапшырылат.
Мындан тышкары, жаңы ЖПКнын дагы бир негизги жаңылыктарынын бири ‒ бул жабырлануучунун, күбөнүн көрсөтмөлөрүн депонирлөө болуп саналат. Тергөө судьясы тарабынан көрсөтмөлөрдү депонирлөө сотко чейинки өндүрүш стадиясында, тактап айтканда сотко чейинки өндүрүш башталгандан тартып ишти айыптоо актысы менен сотко өткөргөнгө чейин гана мүмкүн.
Көрсөтмөлөрдү депонирлөө ‒ бул эгер объективдүү себептерден улам кийинчерээк соттук териштирүүнүн жүрүшүндө күбөнү же жабырлануучуну суракка алуу мүмкүн эмес, же болбосо алардын коопсуздугун камсыздоо зарылдыгы боюнча негиздер бар болсо, соттук далилдерди алдын ала камсыздоо (сактоо) максатында тараптардын биринин өтүнүчү боюнча сотко чейинки өндүрүш учурунда тергөө судьясы тарабынан күбөнү же жабырлануучуну суракка алуу болуп саналат.
Ушуну менен жанычылдыктарды корутундулай албайбыз, анткени ар бир акт иш жузүндө гана өзүнүн артыкчылыктарын же кемчиликтерин корсото алат. Ал эми ЖПК, анын ичиндеги Өзгөчө бөлүк үчүн ушул аралыктагы мөөнөт анын мыкты же чабал чыкканын көрсөтө алган жок. Тактап айтканда, 2017-жылы кабыл алынган кодекстер Республикада толугу менен колго алынан электе эле, анын ичиндеги ЖПК кыйла өзгөрүүлөргө дуушар болду.
Дагы бир белгилей турган олуттуу жагдай, бул биздин ченемдик укуктук актыларыбыздын мамлекеттик тилинде берилген терминдер менен түшүнүктөрунө да токтолууга туура келет. Жакын арада, Юстициянын экс-министри М. Джаманкулов өзүнүн маегинде белгилеп кеткендей, инвентаризация болуп жаткан актылардын бир топ бөлүгү, ал өзүнүн актуалдуулугун жоготкондугуна же тийиштуу иш-чаралар (тапшырмалар ж.б.ус.) аткарылганына байланыштуу болгон актылар.
Ал эми Баш Мыйзамыбыз - Конституция жана анын негизинде кабыл алынган жана кабыл алынып жаткан конституциялык мыйзамдар жана кодекстер биздин коомдук-саясий турмушубузда кылым карыткан актылардан болуусу керек десек жаңылышпайбыз.
Конституциянын жаны редакциясынын 13-беренесинин 1-болугундо Кыргыз тили - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили, мамлекеттик тилди колдонуу тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат деп белгиленди.
Балким ушул 13-берененин 1-бөлүгүндө камтылган маселе аркылуу мамлекеттик тилдеги актылардын терминдер жана түшүнуктөр маселеси бир калыпка түшөт деген ниет бар. Кантсе да, конституциялык мыйзамды даярдоо маселеси Тил комиссиясынын озуно берилбедиби... Анткени Кыргыз Республикасында Жогорку Кенеш тарабынан Кыргыз Республикасынын Эгемендигинин 30 жылдык тарыхында актылардын ичиндеги терминдери менен түшүнүктөрдү айтпаганда, конкреттүү түрдө кодекстердин аталышында баш аламандыкка жол берилген. Мисалы, "Жазык-процессуалдык кодекс" дейбиз да, кийнки кодекстин аталышы "Кылмыш-Жаза кодекси" деп чыгат, дагы бири болсо "Администрациялык кодекс же Граждандык кодекс" деп канча жылдан бери көздү да, тилди өгөйлөп келет. "Азан чакырылганда" аты ушул болсо, анан жүрушүно да таасирин тийгизбей койбойт турбайбы деген ойлорго түртөт экен.
Муну менен лингвистикалык маселелерге жана алардын унификация маселесине киришпейли десек, мыйзам чыгаруу техникасы түздөн-түз тил маселесине барып такалып жатпайбы!
Демек, биз кодекстерге озгортуулорду киргизген күндө да, атына затын, затына атын жараштырсак, мыйзам чыгаруу ишин илгерилетүүгө чоң салым болмок", - деди Жумабекова.
Булак: NazarNews.kg