www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу, турмуштун оор кырдаалына кабылган үй-бүлө жана балдарды аныктоо, өздүгүн аныктаган документи жок жаш өспүрүмдөрдү аныктап, аларга документ алуусуна көмөктөшүү максатында үймө-үй кыдыруу иштери улантылууда. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин Басма сөз кызматы кабарлады.
Ошондой эле ата -энелери мигрант өспүрүмдөрдүн да жашоо-шарттары текшерилип жатат.
Мындан тышкары өлкө аймагында орун алып жаткан COVID-19 жугуштуу илдеттин алдын алуу боюнча райондун аймагында жайгашкан базар, дүкөндөргө, кафе, ресторандарга, банктарга келген жергиликтүү тургундарга жана мектеп окуучуларына аралыкты сактап, бет кап тагынып, илдеттин алдын алуулары боюнча түшүндүрүү иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө.
Булак: NazarNews.kg