www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 17-августта “Ата-Мекен” партиясы ачык асман астында Кыргыз мамлекетин түптөөчүлөрдүн аллеясында өзүнүн парламенттик шайлоого карата съездин өткөргөн.

Анда атамекенчилер ал жерде орнотулган кыргыз мамлекетин түптөөчүлөрдүн эстеликтерине аяр жана сый мамиле жасабай үн күчөткүч аппараттарын түз эле кыргыздын улуу саясый ишмерлеринин эстеликтерине – мемориалдык комплекске орнотуп алышкан. Атайын өстүрүлгөн көк шиберди бузуп, талкалашкан.

Ал көк шиберди “Бишкек жашыл чарба” ишканасынын кызматкерлери багып өстүрүшөт. Ал эми атамекенчилер ошол көк шибердин үстүнө техникалык каражаттарды:  LED-экран орнотушкан.

Бишкек мэриясынын Биринчи май району боюнча санитардык-экологиялык инспекциясы “Ата-Мекен” партиясы тарабынан шаардын көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактысын аныктады. Мыйзамга ылайык протокол түзүлүп, айыптууларга 13000 сом айыппул салынды.

  

     

    

Последние новости