www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азия дзюдо союзунун президенти Обайд Аль Анзи Бишкек шаарына келди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Манас” эл аралык аэропортунда мейманды КР Улуттук дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Көлбаев тосуп алды.

Иш сапардын негизги максаты - Борбор Азиядагы дзюдо спортун өнүктүрүү, дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатынын ачылышына катышуу болуп эсептелет.

Эскерте кетсек, дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионаты 2021-жылдын 6-9-апрель күндөрү Бишкек шаарында өтөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости