www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын өкмөтү АКШ менен космостук кызматташтык келишимин 2030-жылга чейин узартты. Бул кызматташтык – Москва менен Вашингтондун ортосундагы карым-катнаштыктын алигиче сакталып калган азганактай өрнөктөрүнүн бири.

Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин 3-апрелде космостук кызматташтык келишиминин узартылышын жактырып, кол койгонун өкмөттүк билдирүү шардана кылды.

Алгачкы космостук кызматташуу келишими 1992-жылы түзүлүп, төрт жолу узартылып келди. Бул келишим эки өлкөнүн космостук агенттиктери НАСА менен Роскосмостун ортосундагы кеңири өлчөмдөгү космостук долбоорлорду жана изилдөөлөрдү үзүрдүү жүзөгө ашыруу кызматташтыгынын пайдубалы болуп берди.

Бул иш-аракеттерге, маселен, Эл аралык космос бекетиндеги биргелешкен ырааттуу ишмердик кирет. Келишимдин алкагында Эл аралык космос бекетине астронавттарды жана өндүрүштүк заттар менен жабдууларды жеткирүү жана бекеттен кайра Жерге астронавттар менен жабдууларды ташуу боюнча Орусия зор салым кошуп келди.

АКШнын чөлмөктүк кеме долбоору соңуна чыккандан кийин, Орусиянын "Союз" жана "Прогресс" космос кемелери эл аралык космос бекети менен байланышты камсыз кылган жападан жалгыз унаа каражаты болуп калган учурлар болду.

Жакынкы мезгилдерде жеке менчик космостук компаниялар кишилерди космос бекетине жеткирүү боюнча НАСАнын макулдугун алып иш жүргүзө баштады. Бул жаңы жагдай “Роскосмос” агенттигин эң керектүү кирешелерден ажыраткан кадам болуп калды.

Космос жаатындагы эки тараптуу кызматташуу АКШ Орусияга каршы анын Украинанын Крым жарым аралын каратып алгандыгы үчүн чектөөлөрдү киргизген учурда дагы улантыла берди.

АКШнын Соода министрлиги өткөн айда Орусияга экспорттолгон айрым товарларга карата чектөөлөрдү күчөтүп жаткандыгын, бирок авиация жана космоско байланыштуу айрым товарларды чектөөлөр тизмесинен жарым-жартылай алып салгандыгын билдирген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости