www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кино-кыйноо
Өз кесибинин фанаттары болот. Раматылык Бакыт агабыз кесибин өзгөлөрдөн өзгөчө сүйгөн таланттардан эле. Айтматовдун чыгармаларына кайрылган мыкты режиссёрлордун бири экени талашсыз. Тасмалары түбөлүк сакталат.
- Адам баласы эки нерседен жаңылбашы өзүнөн экен, бири кесип болсо, экинчиси жар тандоо...
- Кудайга миң мертебе шүгүрчүлүк келтиремин, мен мына ушул эки нерседен жаңылтпады. Бармактайыбыздан баш кошкондон тарта, мына ушул күнгө чейин мени колдоп келе жаткан өмүрлүк жарыма эки дүйнөдө тең ыраазычылыгымды билдиремин. Мен 1972-жылы КМУну аяктап, 1989-жылы Москвадагы киноакадемияны бүтүргөм.
Мына ошондо Москвада окуп жүргөнүмдө, анда кыз-жиигит болуп сүйлөшүп жүрчүбүз, жубайым стипендиясын мага берип, кадимки дүйнө жүзүнө таанымал жапан кинорежиссёру Акира Курасавага жолугушуума себеп болгон.
Бир күнү “Россия” мейманканасында эл аралык кино фестивалга барып, Айтматовду алгачкы жолу ошондо көргөм, жанына барып учурашып, Акира Курасавага жолугам десем, тиги бурчта турат деп барып котормочусунун жардамы менен мени тааныштырган. Жубайым берген тыйынды көрсөтүп сизди сыйлап коёюн десем, Курасава күлүп, өзүң студент болсоң деп кайра мага чай алып бергендин күнү бүгүнкүдөй эсимде.
Курасава: “Келечекте ким болосуң” десе, мен дароо эле: “сиздей режиссёр болом” деп жиберипмин. Анда ал: “Максатыңа жет” деп ийгилик каалаган. Айтматов үйдөкүлөрүнө телефон чалып: “Бул жакта бир студент жигит атайы Москвага Акира Курасаваны көргөнү келиптир, апенди-чалышырак бала экен” деп айтыптыр. Аны мага Чыңгыз ага кийинки жолугушуубузда айтып берди. Мына ошондон тарта 47 жыл Айтматов менен ата-баладай чогуу болуппуз.
- Сиз Чыңгыз аганын көптөгөн чыгармаларына кайрылдыңыз. Айтматов сиз үчүн...?
- Айтматов мен үчүн-феномен. "Саманчынын жолу", "Айлампа", "Бороондуу бекет", Бетме-бет”, "Манкурт", "Тоолор кулаганда" деген чыгармаларына кино тарттым. Ал кишинин чыгармаларына кайрылганыма сыймыктанам. "Саманчынын жолун" тартып жатканбыз. Эмнегедир өрттөгөн нерселерибиз да ойдогудай күйбөй, боло турган нерсе болбой эле, актрисалар да анча ролун ачып бербей кыйнала бердик. Чыңгыз ага келип, биздин акыбал-жайыбыз менен таанышкандан кийин гана иш өзүнөн - өзү эле жакшы болуп, актёрлор да берилген ролдорун ийгиликтүү жаратышкан.
Маселен, Гүлсара Ажибекова өзүнүн ролун укмуштуудай алып чыккан. Көзүнөн жашын куюлтуп туруп, каракчыларды каргаган. Чыңгыз ага келгенче канча аракет кылсак да жакшы күйбөй жаткан буудай, самандар да укмуштуудай жалындап күйгөн. Ошондо да, баарыбыз Чыңгыз аганын касиетине баа бергенбиз. Өзү да адамгерчиликтүү, алысты көрө билген адам эле. Дегеним, "Бороондуу бекетти" тартып, оңдолбогон вариантын көрсөттүк. Канчалардын бут тосконуна карабай Чыңгыз Төрөкулович монтаждай бергиле деп койду. Бир жарым айда монтаж бүтүп, 1995-жылы Берлинге барып, "Алтын камера" сыйлыгына ээ болгонбуз.
- “Найман эненин кошогу” тасмаңыз туурасында уксак...
- 2000-жылы бул тасманы тарттым. Ролдордо: Гүлсара Ажибекова, Саят Исембаев, Асель Сагатова, Тынара Абдразаева жана башкалар. Актёр, актрисалардын баары Айтматовдун купулуна толду. Бир жолу тепкичтен түшүп баратып, Саяттан кайсы тасмаларга катышканы туурасында сураса, ал тизмелерин атап бергенде, башкаларын билбедим го, бирок Жоломандын ролу менен элдин эсинде болосуң деген экен. Жакында Саясат телефон чалып, ал: “Бакыт ага, Айтматовдун пайгамбардай көрөгөчтүгүнө тан бердим, кийин көп тасмаларга тартылдым, бирок эл ушул Жоломандан тааныганын айтып калышат” деди.
- “Кылым карытаар бир күн” жазуучунун алгачкы романы аталып калбадыбы. Аябагандай татаал роман. “Бороондуу бекет” тасмаңыз туурасында Айтматов ой-пикирин айткандыр...
- “Бороондуу бекетти” тартканым дагы өзүнчө кызыктуу окуя. Эки жыл жыл Аралда жүрүп тарттым. Мен тартып бүткөндөн кийин эки жылдан соң дагы деле кулагыма поезддин чыгыштан батышты, батыштан чыгышка караган поезддин дүбүртү угулуп жатты. Көрсө темир жолдун дабышы кулагыма сиңип калыптыр. Актёр бир себептер менен келбей калып, Сабитжандын ролун өзүм ойногонмун. Калыгул олуянын айтканы бар: “Баладан жыт кетет, аялдан кут кетет” деп. Сабитжандай уул бергиче, тукум улап кереги не?! деген ойго жеткирип койгону жазуучунун кеменгерлигинде жатпайбы...
Бороондуу жер болгондуктан, тасманын темасын “Бороондуу бекет” атадык. Таш аралаш тамак жейсиң да, себеп ушунчалык катуу бороон жүрүп турат. Бул тасмада уламышты, сүйүүнү, репрессия, каада-салтты баарын камтыганга аракет кылдык. Жогоруда айтып ктекендей, Берлинде “Алтын камера” сыйлыгына ээ болгондо, чет элдик ММКлардан катышышты дагы Айтматовго суроо узатышты, бири: “Чыңгыз Төрөкулович, тасма туурасында оюңузду билсек” деп сурашканда, Чыңгыз агабыз: “Бороондуу бекет” тасмасы, менин романымдын кино версиясы, тактап айтканда романдын кино тилине салганы болуптур” деген эле.
Динара Асылбекова
Булак: NazarNews.kg