www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москва-Вашингтон сүйлөшүүcү 10-январда өтөт

АКШ менен Орусиянын куралды көзөмөлдөө боюнча сүйлөшүүлөрү 10-январда өтөт. Ал эми 12-январга Орусия-НАТО кеңешинин жыйыны пландалууда. Эртеси Москва менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун өкүлдөрү жолугушмакчы. Ак үй билдиргенине караганда, кездешүүлөрдө Украина менен Орусиянын чек арасындагы абал талкууланат.

Ошол эле маалда орус тышкы иштер министрининин орун басары Сергей Рябков даталар боюнча соңку макулдашууга жетише электигин 28-декабарда "РИА Новости" агенттигине маалымдады.

Дүйшөмбүдө Орусиянын башкы дипломаты Сергей Лавров Москва менен Вашингтондун коопсуздук кепилдиктери тууралуу сүйлөшүүлөрү Жаңы жылдык эс алуудан кийин өтөрүн билдирген. Орусия тараптан ага аскер адамдары кирген мекемелер аралык делегация катышат.

Мунун алдында АКШ Мамлекеттик катчысынын жардамчысы Карен Донфрид дагы жолугушуу январда өтүшү мүмкүн деп айткан. Бирок Вашингтон орустардын айрым сунуштарын кабыл албасын эскерткен.

Москва 17-декабарда коопсуздук кепилдиктерине тиешелүү эки долбоорду тартуулап, НАТОдон чыгышка карай кеңейүүдөн баш тартууну талап кылган.

Батыш орус бийлиги чек арага аскерлерин топтоп, украин аймагына кайрадан басып кирүүгө даряданууда деп шектенүүдө. Мындан улам ортодогу мамилелер чыңалып кеткен.

Москва айыптоолорду четке кагып, Киев Батыштын көмөгү менен аскердик кубатын арттырууда, НАТОну орус чек арасына жакын жерде машыгуу өткөрүүдө деп сындап жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости