www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2018-жылдын 25-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаеванын катышуусунда Ысык-Көл облусундагы Балыкчы шаардык сотунун жаңы имаратынын расмий ачылышы болуп өттү.
Иш чарага Ысык-Көл облусунун губернатору Узарбек Жылкыбаев, Ысык-Көл областтык сотунун судьялары, Балыкчы шаарынын сотунун судьялары, сот кызматкерлери катышышты.
Жаңы имараттын расмий ачылышында Айнаш Токбаева Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаары үчүн эле эмес, жалпы сот тутуму үчүн чоң жетишкендик жана тарыхый күн болуп жаткандыгын айтты.
Төрайым сот тутумун материалдык-техникалык жактан камсыздоону жогорулатуу жана сот адилеттигин сапаттуу жүзөгө ашыруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү бул сот реформасынын багыттарынын бири экендигин белгиледи.
Балыкчы шаардык сотунун буга чейин эски имаратында судьялар жана сот кызматкерлери отурган бөлмөлөр тар болуп ыңгайсыздыкты жаратып келген. Сотко келген адамдар үчүн эч кандай шарттар түзүлбөгөндүктөн, ичке коридорго элдер батпай калышчу. Аба-ырайы бузулган мезгилде сотко келген жарандар кезегин сыртта күтүүгө туура келчү.
Абал оор экендигин көргөн Жогорку соттун Төрайымы шаарда бир нече жылдан бери каралбай, таланып-тонолуп, кароосуз калган имаратты Соттор кеңешинин жардамы менен сатып алып, оңдоп-түзөө иштерин баштоону тапшырган. Имарат 2016-жылы 30-декабрында соттун карамагына өтүп, 2017-жылдын күз айларында оңдоп-түзөө иштери башталып, 2018-жылдын жаз айларында толук бүткөрүлгөн.
Балыкчы шаардык сотунун төрайымы Чинара Мамбетова Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаеванын жеке көзөмөлү менен жаңы имарат толугу менен жаңыланып колдонууга берилип жатканыдыгын айтты.
Бүгүнкү күндө жаңы имарат эки кабаттуу болуп, ар бир сот кызматкерлеринин өзүнчө бөлмөлөрү, эки сот залы, архив, жашы жете элек балдардын бөлмөсү, көзөмөл өткөрмө пункту, конвойлордун өзүнчө бөлмөсү жайгашты.
Соттордун, сот кызматкерлеринин жана жарандардын коопсуздуктары үчүн да шарттар каралып, бардык заман талаптарына жооп бере турган имарат ачылды. Имаратты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү иштери судьялардын, сот кызматкерлеринин жана сот процессинин катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоонун жана коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу талаптарын эске алуу менен жүргүзүлгөндүгүн иш чаранын катышуучулары белгилешти.