www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Москва районунун РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте ыкчам тергөө иш-чараларынын негизинде баңгизаттарды мыйзамсыз ташуу менен алектенген факт аныкташып, шектүүлөрдү кармашкан. Бул тууралуу ИИМдин БМЖКККнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 267-беренеси менен каралган кылмыштын белгилери боюнча жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Петровка айылынан 1998-жылы туулган Э.Б. аттуу айдоочунун башкаруусунда «Хонда-Фит» үлгүсүндөгү автоунаа 1995-жылы туулган Т.Т. аттуу жүргүнчүсү менен токтотулган.

https://govori.tv/wp-content/uploads/2020/12/131317787_176145884192382_7542653743983877723_n.jpg

https://govori.tv/wp-content/uploads/2020/12/130774599_176145874192383_219948103813132629_n.jpg

«Автоунааны кароо жүргүзгөн учурда жүргүнчүгө таандык болгон кол сумкадан 21,58 граммды түзгөн өзгөчө кендир жыты бар каражат табылып алынган.

Ал эми автоунаага кароо жүргүзүүдө айдоочуга таандык болгон азык-түлүк салынган каптын ичинен өзгөчө кендир жыты бар 9 даана таңгакталган каражат табылып алынган.

Соттук-химиялык изилдөөнүн негизинде табылып алынган каражаттар жалпы салмагы 4 килограмм 236 граммды түзгөн «гашиш» баңгизаты деп аныкталган», – деп айтылат маалыматта.

Жогоруда көрсөтүлгөн жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости