www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аймактарды тазалоо, электр энергиясын берүүнү калыбына келтирүү жана жабыркаган айылдарды суу менен камсыз кылуу үчүн, жабыркаган инфраструктураны калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жаткан жумушчу топ менен чукул жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков билдирди.

Анын айтымында Кыргызстандын президенти тарабынан жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана көмөк көрсөтүүгө алгачкы тапшырмалар берилген.

“Эки күндүн ичинде электр энергиясын берүү калыбына келтирилди, көмөк чордондору алмаштырылды, жаңы мамылар орнотулуп, электр чубалгылары тартылды. Муну менен кошо көпчүлүк аймактарда таза суу берүү калыбына келтирилди.

Өзүнчө аймактар боюнча жумуш уланууда. Жабыркаган аймактардагы келтирилген чыгымдарды баалоо иштери жыйынтыктоочу бөлүгүнө жетти. Тургундар өз үйлөрүнө тоскоолдуксуз кайтуусу үчүн мамлекеттик органдар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирге жакынкы күндөрү бардык иштерди жыйынтыктоосу керек”, - деп билдирди Новиков.

Ал белгилигендей, Баткен облусундагы абал КР президенти Садыр Жапаровдун дайыма көзөмөлүндө турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости