www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуудан улам милициянын айылдардагы бөлүмдөрү жабыркады. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожаев бүгүн, 4-майда Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирди.

Бүгүн парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйыны өтүүдө.

Аширхожаев зыян келтирилген милиция бөлүмдөрү Лейлек районунун Кулунду, Жаңы-Жер, Көк-Таш, Интернационал айылдарында жайгашканын тактады.

Анын айтымында, ИИМ эле 2 млн 29 миң 829 сом зыян тарткан. Милиция бөлүмдөрүндөгү компьютерлер, унаалар жана башка мүлк талкаланган.

Ошондой эле 18 милиционер жаракат алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости