www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстан жана Өзбекстан менен чек ара маселесин чечели дегенибизде, булар кепке келбей коюшкан. Мындай пикирди акыйкатчы, экс-вице-премьер-министр, Чек ара кызматынын мурдагы төрагасы Токон Мамытов айтты.

--“Акыйкаттык үчүн айтып коёюн Тажикстан жана Өзбекстан тарап менен чек араны тактоо аракеттери Аскар Акаевдин убагында эле жүргүзүлгөн. Кытай менен такташкандан кийин баштайлы дегенде алар такыр ийге келбей коюшкан. Бир тараптуу чечип салалы деген да сунуштар болгон. Ошондо бизге Бириккен улуттар уюму “Чек ара маселеси эки тараптуу чечилиши керек, силер бир тараптуу чечкени жатасыңар, мындай болбойт деп эскертүү берген. Биз 2002-жылдан бери сүйлөшүүлөрдүн бардык түрлөрүн, ыкмаларын колдондук. Мисалы, сүйлөшүүлөргө карата маданий иш чаралар, спорттук иш чараларды өткөрдү, достоштук. Керек болсо, аксакалдарды салдык. Тилекке каршы коңшу өлкөлөр таптакыр кепке келишкен жок”, - дейт экс-министр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости