www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - Баткенде контрабандалык жүк кармалды

Баткен облусунда контрабандалык жүк кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 5-апрелинде Жаңы-Жер чек ара заставасынын жана КР УКМКнын чек ара кызматкерлери менен биргеликте Лейлек районунда жайгашкан “Партнер Нефть” май куйуучу жайынын кампасына тинтүү жүргүзүлгөн.

«Кампанын аймагына тинтүү ишетеринин жүрүшүндө, «Опель Зафира» үлгүсүндөгү жеңил унаа кармалып, анын салонунан жалпы көлөмү 900 литрлик цистерна табылган. Кармалган автоунаа КР УКМКнын чек ара кызматынын «Кайрагач» өтөрүү пункунунун аскер кызматкерлерине жеткирилип, сактоого өткөрүлүп берилди», - деп айтылат маалыматта.

Учурда УКМК тарабынан иштин фактылык жагдайларын жана бул ишке катышкан адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости