www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мелис Сатыбеков чоң кызматка барды

Мелис Сатыбеков Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары статусунда Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти. 

40 жаштагы Мелис Сатыбеков буга чейин Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикте башкы адис, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетте бөлүм башчы кызматын аркалап келген.

Иш тажрыйбасы:

2004-2007-жылдары - "Түндүк-Кыргыз геологиялык экспедициясы" мамлекеттик ишканасы, өкмөткө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинде геолог;

2007-2008-жылдары - Жерди прикладдык изилдөө Борбордук Азия институтунун аймактык геология инженери;

2008-2011-жылдары "Коба" ЖЧКсында жетектөөчү геолог;

2011-2021-жылдары Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин башкы адис, бөлүм башчы.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости