www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунун Чоң-Талаа айылындагы мектептен чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызмат кабарлады.

Билдирмеге караганда, эртең мененки саат 08:06лар чамасында башталган өрт толугу менен 11:54тө өчүрүлгөн. 

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Чолпон Бердикулованын айтымында, кырсык катталган учурда мектепте окуучулар болгон эмес.

"180 орунга ылайыкташкан мектепте 313 окуучу билим алат. Пандемияга байланыштуу учурда 1, 5, 9, 11-класстын окуучулары билим алып жатышкан. Бирок өрт чыккан учурда балдар мектепке келе элек болчу", — деди Бердикулова.

Өрттөн мектептин  4-корпусу, 4 куу классы жабыркады.

Эске салсак, бүгүн 7-декабрда болжол менен саат 08:00 чамасында  Баткен районунун Чоң-Талаа айылындагы Чоң-Талаа орто мектебинен  өрт чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости