www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бизге келип түшкөн маалыматтарга ылайык, 2014-жылы азыркы Билим берүү министри Болот Купешевге кылмыш иши козголгон.

Б.Купешев Ак-Суу районунун акими болуп турганда, кызматтык абалынан пайдаланып, өзүнүн орун басарына «Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси» деген наамды мыйзамсыз ыйгарып койгон. Бул наам үчүн мамлекеттен кошумча акча берилип турган.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен Б.Купешевдин күнөөсү тастыкталган. Бирок соттун чечими менен кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу иш кыскартылган.

Белгилей кетсек, азыркы учурда Б.Купешев өзүнүн тегерегине мурда кылмыш ишине тартылган адамдарды кеңешчи кылып дайындап алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости