www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парижде жашаган тажикстандык саясат таануучу Парвиз Муллоджанов өткөн аптада Дүйшөмбүдө өткөн ЖККУнун жана ШКУнун саммиттери чөлкөмдө "Талибанга" байланыштуу кайчы пикирлер бар экенин күбөлөп койгонун айтты.

--"Саммиттин катышуучулары Ооганстан маселеси боюнча эки тарапка бөлүнүп калышты. Кытай менен Орусия диалог керек экенин кыйла ачык айтышты. Керек болсо Ташкент ооган өкмөтүнүн чет өлкөдөгү банк эсептери кайра ачылышы керектигин билдирди. Кыргызстан менен Казакстан да диалогду колдоду.

Ал эми Тажикстан, Индия жана Иран “Талибандын” өкмөтүнө каршы пикирлерин айтышты. Алар ооган өкмөтүнүн курамын өзгөртүү үчүн талибдерге кандайдыр бир басым көрсөтүүнү да сунушташты", - деди Муллоджанов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости