www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Баткен менен Согди облустарынын жетекчилери жана күч структураларынын өкүлдөрү жолугушту. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында 2005-жылкы Ю.Ш. менен Н.Э. Кыргызстанга өткөрүп берилди.

Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүндөгү Жаштык айылында 11-класстын эки окуучусун Тажикстандын күч кызматкерлери 23-сентябрда кармап кетти. Бул маалыматты айыл башчы Өткүр Халиков тастыктады.

Кармалган балдардын биринин атасы Азам Гапаров билдиргендей, кечээ, 23-сентябрь күнү, чек арага жакын аймакта унаага жүк жүктөп жаткан. Ошол учурда тажикстандык күч органдарынын кызматкерлери аларды кармап, Худжант облусунун Гафуров районунун аймагына алып кирип кеткен.

УКМКнын Чек ара кызматы билдиргендей, бүгүн, 24-сентябрда, Баткен менен Согдий облустарынын жетекчилери жана күч структураларынын өкүлдөрү жолугушту. Анда окуучуларды мекенине кайтаруу жана башка маселелер талкууланды. Анын жыйынтыгында, 2005-жылкы Ю.Ш. менен Н.Э. Кыргызстанга өткөрүлүп берилди.

Алдын ала маалымат боюнча, кармалган балдар такталбаган чек ара аймагына жакын жерде аткезчилерге жүк жүктөөгө жардам берген.

"Ошол учурда Тажикстан тараптан белгисиз адамдар Кыргызстандын эки жаранын кармап, Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унааны Тажикстандын аймагына айдай качкан", — деп айтылат маалыматта.

Ортодо чыр чыгып кетпеши үчүн чек арачылар күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости