www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында такистке кол салган шектүүлөр кармалды , деп билдирди бүгүн, 20-ноябрда Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы.

Окуя 19-ноябрда түн ичинде болду. Таксист кардарларын Тынчтык конушуна жеткирүү үчүн сапар алып, бирок орто жолдон кол салууга дуушар болгон. Кардарлардын бири айдоочуну коопсуздук куру менен муунтуп баштап, андан кийин унаадан жерге түшүрүп, смартфонун, 2500 сом акчасын жана автоунаасын тартып алышкан.

Жабырлануучу милиция кызматкерлерине кайрылды. Бул факт Жазык кодексинин 202-беренеси (каракчылык) менен катталып, №5 шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери көп узабай шектүүлөрдү табышты. Алардын бири аял киши.

Шектүүлөр:

- 1979-жылы тулуган С.А.;

- 1992-жылы туулган К.У.;

- 1983-жылы туулган О.Н.;

Үчөө тең убактылуу камакка алынган. Тергөө, текшерүү иштери уланып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости