www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 8-ноябрда Бишкекте “Баш мыйзам үчүн” деп аталган жүрүш өттү. Ага 20дан ашык жарандык активист катышып, “Конституцияга тийбе” деп жазылган баракчаларды көтөрүп, Эркиндик сейил багынан борбордук аянтка чейин басып келишти.

Уюштуруучулардын бири Улан Үсөйүн жаңы бийлик башчыларынан Баш мыйзамды сактоону, парламенттик шайлоону 2020-жылдын 20-декабрында өткөрүүнү талап кылып жатышканын айтты.

Белгилей кетсек, 22-октябрда Жогорку Кеңеште Конституцияны өзгөртүү жана президенттик, парламенттик шайлоолордун мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө мыйзам долбоору жыйынга катышкан 84 депутаттын 83үнүн макулдугу менен дароо үч окууда кабыл алынган. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна ушул күнү келип түшкөн.

Бул шашылыш кабыл алынган документке ылайык, конституциялык реформаны өткөрүү аяктаганга чейин парламенттик кайра шайлоо өткөрүлбөйт. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес дайындалышы керек.

«Реформа» партиясы парламент 22-октябрда кабыл алган «Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө мыйзамга каршы Конституциялык палатага кайрылган. Конституциялык палата кайрылууну кабыл алып, аны кароого даярдык жүрүп жатканын билдирди.

Ошондой эле айрым жарандык коом өкүлдөрү Садыр Жапаровду «бийликти узурпация кылууда» деп сындап жатышат.

Эске салсак, Садыр Жапаров 3-ноябрда Ош шаарында эл менен жолугушуу учурунда «бийликти узурпация кылууда» деген саясий атаандаштарынын дооматтарын четке кагып, «бардык өзгөртүүлөр ачык-айкын өтөт» деп айткан болчу. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости