www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков Кыргызстандын Бизнес Курамасынын (КБК) өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун максаты мындан ары карай экономиканы активдештирүү жана ишкерлерге жагымдуу шарттарды түзүү боюнча демилгелерди талкуулоо болду.

Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, мамлекеттин бизнес менен диалогу өзгөчө мааниге ээ жана мындай форматтагы жолугушуулар үзгүлтүксүз негизде жүргүзүлүшү кажет.

Жолугушуунын алкагында Артем Новиков иш-чара катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан экономикалык тармакта жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымдады, ошондой эле пландаштырылып жаткан реформалар тууралуу айтып берди.

Ошондой эле Кыргызстандын Бизнес Курамасынын өкүлү Аскар Салымбеков КБК түзүү идеясы жана бизнестин пандемиядан кийинки мезгилдеги өлкө экономикасын тез арада калыбына келтирүүгө тийиштүү практикалык көмөк көрсөтүү зарылдыгы боюнча ниети тууралуу маалымат берди.

КБК мүчөлөрү аймактарды жана экономика тармактарын өнүктүрүүгө багытталган пландарга кыскача токтолушту, ошондой эле “БАРС” идеологиялык жана экономикалык өнүктүрүү программасын сунушташты.

Соңунда Артем Новиков бизнес өкүлдөрүнө жемиштүү жолугушуу жана конструктивдүү сунуштар үчүн ыраазычылык билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости