www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Милициянын кайгуул кызматкерлери тоноого шектүү жарандарды кармашты. Бул тууралуу аталган мекемден кабарлашты.
2020-жылдын 18-июлунда болжол менен саат 15:20 чамасында Бишкек шаардык ИИББинин "102" кызматына Москва менен Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинен тоноп кетти деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке ошол замат Милициянын кайгуул кызматкерлери барып маалыматты тактаганда 1968-жылы туулган К.К. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 15:30 чамасында белгисиз жаран арыз ээсинин мойнундагы болжол менен баасы 60 000 сомдук алтын чынжырын жулуп алып, белгисиз тарапка качып кеткен.
Көрүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан кылмыш изи сууй электе Москва жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинен 1991-жылы туулган Б.Э аттуу жаран шектүү катары кармалып, Ленин райондук ИИБинин Тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.
Бул факт боюнча Ленин райондук ИИБи тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 201-беренесинин (Тоноо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.
Булак: NazarNews.kg