www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунда жеӊил автоунаа менен комбайн жол кырсыгына учурады. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБи билдирди.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 19-июль күнү болжол менен саат 11:50 чамасында Түп райондук милициясына Балыкчы-Ананьево-Каракол автожолунун 196-чакырымында жол кырсыгы болгондугу жөнүндө кабар түшкөн.
Аталган кабардын негизинде окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барышып, Түп районунун Талды-Суу айылынын 32 жаштагы тургуну Ж.У. «Субару-Легаси» автоунаасы менен түндүктү көздөй бара жатып, автоунаанын башкаруусуна ээ боло албай алдыда Түп айылынын 23 жаштагы тургуну Ж.А. башкаруусундагы бара жаткан «Енисей» үлгүсүндөгү комбайн менен сүзүшүп алганын аныкташкан.
Жол кырсыктын натыйжасында, жеӊил автоунаанын айдоочусу жана анын жүргүнчүсү 65 жаштагы Түп районунун Жылуу-Булак айылынын тургуну У.А. алган жаракаттары менен райондук оорукананын травматология бөлүмүнө жаткырылган.
Аталган факт Түп райондук милициясынын маалымат электрондук журналына катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет.
Булак: NazarNews.kg