www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
7-февралда Өзбекстандын Кокон облусунун ооруканасынан октон жараат алган үч жигитти укук коргоо органдары денесинен октор чыгарылбагандыгына, алардын дене табы көтөрүлгөндүгүнө карабай, түрмөдөгүлөрдү ташый турган унаа менен алып кеткен. Бул тууарлуу өзбек маалымат булактары жазып чыгышты.
Өзбекстандын башкы прокуратурасынын маалыматына караганда 6-февралда түнкү саат 12де мергенчилик куралдан белгисиз киши үч жигитке ок чыгарып, из жашырган.
Жабырлануучулардын биринин апасынын айтымында укук коргоо органдарнынын кызматкерлери келип, үч жигитти тезинен Фергана облустук ИИМинин бөлүмүнө алып кетишибиз керек деп, алардын абалынын оордугуна карабай алып кетишкен. Жигиттердин туугандары доктурлар укук коргоо органдарына балдардын абалы оор экендигин айтып, аларды алып калууга да аракет кылган эместигин айтышып, нааразы болушууда.
Жабырлануучулардын биринин чоң энеси 73 жаштагы Тамара Мухаммеджанова: “Мен эки күн ооруканада жүрдүм. Доктурлар жигиттерге эч кандай жардам көрсөтүшкөн жок. Алардан сурасам, “жогорудан буйрук келген” деп коюшту. Судмедэксперт да келип, анын курсагын кармап көрүп кетип калды. Биз рентген жасатканыбызда неберемдин денесинде 37 бытыра ок бар экендиги такталды. Доктурлар бир да окту алып чыгышпай, октор өзү чыгат деп койгондо шок абалында калдым.
Милиция кызматкерлери неберемди алып кетип жатканда ал температура болуп жаткан. Жарадар адамды изоляторго отургузуп койсо боло береби? Айрыкча, неберем өзү жабырлануучу болуп жатпайбы?”,-деп айтты.
Ал эми бул маселе боюнча адвокаттар доктурлар аларды коё бербеши керектигин айтышып, “өтө кооптуу кылмышкерлер болгондо деле мындай абалдагы адамдарды милиция өзү ооруканага келип тергеши керек эле. Алар мыйзамды бузушкан” деген пикирлерин билдиришкен. Ал эми аларга мергенчилик куралдан ок аткан киши кармалып, азыркы учурда тергөө иштери улантылып жаткандыгы кошумчаланды.
Булак: NazarNews.kg