www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас шаарында чаламандын чак түшүндө уюлдук телефон уурдоого шектелген жаран кармалды. Маалыматты Талас ОИИБинин басма сөз катчысы билдирди.

Белгилүү болгондой, 1982-жылы туулган Ж.Э. аттуу шаар тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда 20-октябрда шаардагы кафелердин биринде түшкү тамактануу маалында, жабырлануучунун жанына белгисиз жаран келип кайыр сураганы айтылган. Ал күрмөсүнүн чөнтөгүнөн акча алайын деп жатканда, кайыр сураган жаран баасы 22 миң сомдук уюлдук телефонду, документтерди алып качкан.

"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-берене менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ыкчам тергөө амалдарынын жүрүшүндө, шектүү делинип Кара-Буура районунун Маймак айылынын 1981-жылы туулган М.Ш. аттуу тургуну кармалды. Кармалган жарандын туруктуу жашаган дареги жок, буга чейин уурулук боюнча бир нече жолу соттолгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайда. Анын мындан башка дагы кылмыш иштерине катыштыгы бар же жок экендигин аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат", - дешти мекемеден.

Милиция кызматкерлери сүрөттөгү жарандан жабыркагандар болсо, облустук ички иштер бөлүмүнө кайрылууну өтүнөт 

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости