www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чаткал районунун В.И.Ленин жатак-мектебинин мугалимдери Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматынын жетекчиси Сыймык Жапыкеевге кайрылды.
Биздин сизге арыз менен кайрылуубуздун себеби төмөндөгучө:
Биз, Жакыпбекова А.жана Рахманова Н. 10-ноябрь 2020-жыл В.И.Ленин жатак-мектебинен кош бойлуулук боюнча декреттик отпускага чыкканбыз. Эмгек стажыбыз 13 жыл.
Биз Чаткал райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы А.Таштанбаева жана бөлүмдүн эсептөөчү адиси Абдылдаев Каныбек декреттик отпускаларды эсептеп чыгарууда жана базага түшүрүүдө К.Р.Өкмөтүнүн 18-сентябрь 2018-жылдагы 434-токтомунун “Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулду аныктоо жөнүндөгү” токтомдун жобосундагы бир күндүк орточо эмгек акыны эсептөөдө Чаткал районунудагы кош бойлуу аялдардын эмгек укуктарын бузуп өз адистигине сабатсыз, жоопкерчиликсиз мамиле жасап финансылык кылмыштуулукка барып жатышат.
Абдылдаев Каныбек биздин “Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулду” эсептеп чыгарууда жана базага түшүрүүдө 2 ай 7 күндүк эмгек акыбызды (сентябр-26күн, октябрь-27 күн ноябрь 7 күн) фактически иштеген, табелге жазылган 60 өндүрүштүк күнгө бөлбөй, 2ай 7-күндүк эмгек акыбызды 3 айдын эмгек акысы деп базага түшүрүп, толук 78 күнгө (сентябрь-26кун, октябрь-27күн, ноябрь-25күн) бөлүп, биз иштебеген 18-күндү ноябрь айына кошуп,бир күндүк орточо эмгек акыбызды азайтып эсептеп чыгарып жатышат. Бирок К.Абдылдаев К.Р.Өкмөтүнүн 18-сентябрь 2018-жылдагы 434-токтомдун “Убактылуу эмгекке жарамсыздык жана кош бойлуулук жөнүндөгү” токтомдун жобосунун 14-пунктунун негизинде: “Эгерде кызматкер үч айдын ичинде, толук эмес эмгек акы алса же убактылуу эмгекке жарамсыздык жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүгө кетээр алдында үч айдан кем иштеген болсо,анда бир күндүк орточо эмгек акы, иш жүзүндө эсептелген эмгек акыны, иш жүзүндө иштеген иш күндөрүнө бөлүү жолу менен аныкталат”деп 18-сентябрь 2018-ж 434-токтомдун жобосунун 14-пунктунда көрсөтүлүп түрсада, жобонун негизинде эсептеп чыгарып, базага түшүргөн жок.
Чаткал райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн адистери К.Р.Өкмөтүнө караштуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин “Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөк пулду жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулду берүүнүн тартиби жөнүндө” усулдук көрсөтмөлөрүнүн 2-бөлүмүнүн 6-пунктунун 3-мисалын жана 23-мисалдарын колдонгон жок.
Жогорудагы нормативдик актылардын негизинде кош бойлуу аялдардын жөлөк пулдарын кайрадан эсептетип беришинизди жана Чаткал райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн компетентсиз адистери, жогорудагы нормативдик актыларды пайдаланбагандыгы үчүн кош бойлуу аялдарга материалдык, моралдык, психикалык доо келтиргендиги үчүн К.Р.мыйзамынын чегинде жоопко тартып беришиниздерди суранабыз.
Арыз ээлери: Жакыпбекова А. Рахманова Н.
Тел номери: 0709 61 09 63
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg