www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаеванын катышуусунда Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал райондук сотунун жаңы имаратынын расмий ачылышы болуп өттү.
Иш чарага Жалал-Абад областык сотунун төрагасынын убактылуу милдетин аткаруучу Бактыбек Султанканов, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы сот департаментинин директору Рустам Ибраимов, Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев, Чаткал райондук сотунун төрагасы Сотибек Осмонов, Жалал-Абад областынын судьялары, сот кызматкерлери жана жергиликтүү жашоочулар катышышты.
Жаңы имараттын расмий ачылышында Айнаш Токбаева Чаткал району үчүн эле эмес, жалпы сот тутуму үчүн чоң жетишкендик жана тарыхый күн болуп жаткандыгын айтты.
Сөзүнүн башында Төрайым өлкө башчыбыз Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосун жолдоп, Президент сот тутумундагы мындай саамалыкты өтө чоң кубаныч менен кабыл алганын билдирип, жаңы имарат ак жолтой болуп адилеттүүлүктүн үйү болсун деген тилегин айтты.
Төрайым сот тутумун материалдык-техникалык жактан камсыздоону жогорулатуу жана сот адилеттигин сапаттуу жүзөгө ашыруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү бул сот реформасынын багыттарынын бири экендигин белгиледи.
“Ынтымак бар жерде-ырыс бар” дегендей, бардыгыбыз биримдикте болуп,оорубузду колдон,жеңилибизди жерден алып биргеликте жолубузда кездешкен кыйынчылыктарды жеңдик”, - деп белгиледи А. Токбаева.
Айта кетсек, сот кызматкерлери иштеген имарат бала- бакча менен бир дубалда туруп, толук кандуу иш алып барууга абдан ыйгайсыз болуп келген. Буга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаеванын аталган аймакка болгон иш сапарында бул жердеги абалды өз көзү менен көрүп, маселени тезинен чечүүнү колго алган болчу. Абалды туура түшүнүп соттор кеңеши колдоо көрсөтүп, Канышкыя айыл өкмөтү да жер тилкесин бөлүп, жыйынтыгында жаны имарат курулду. Курулуштун долбоору 2014-2017-жылдын мамлекеттик максаттуу программасына да киргизилип, курулуш иштери өтк-н жылдын май айында башталган болчу.
Бүгүнкү күндө жаңы имарат эки кабаттуу болуп, ар бир сот кызматкерлеринин өзүнчө бөлмөлөрү, эки сот залы, архив, жашы жете элек балдардын жана медико-санитардык бөлмөсү, көзөмөл өткөрмө пункту, конвойлордун өзүнчө бөлмөсү жайгашты.
Соттордун, сот кызматкерлеринин жана жарандардын коопсуздуктары үчүн да шарттар каралып, бардык заман талаптарына жооп бере турган имарат ачылды. Имаратты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү иштери судьялардын, сот кызматкерлеринин жана сот процессинин катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоонун жана коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу талаптарын эске алуу менен жүргүзүлгөндүгүн иш чаранын катышуучулары белгилешти.
Имараттын расмий ачылышында Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев Чаткалдыктардын атынан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаевага жаңы имараттын курулушуна чоң салымын кошкондугу үчүн ыраазычылыгын билдирип, Төрайымга Чаткал районунун ардактуу атуулу деген наамды ыйгарды.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку соту Чаткал райондук сотунун жаңы имаратынын түптөлүшүнө кошкон салымы үчүн Жалал-Абад облсунун Чаткал райондук сотунун акими Канжарбек Эшалиевге жана сот тутумун өнүктүрүүгө катышкандыгы жана кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Жалал-Абад областтык башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Капаловго алкыш жарыялады.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Сот департаментинин директору Рустам Ибраимов Жалал-Абад облсунун Чаткал райондук сотунун акими Канжарбек Эшалиевге Кыргыз Республикасынын Сот департаментин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн медаль ыйгарды.
Булак: NazarNews.kg