www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 16-мартта мурдагы президенттик күзөт кызматынын башчысы, ''экс-президент Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси Жаныш Бакиевдин туулган күнү. Ал бүгүн 62 жашка толду. Жаныш Бакиев агасы президент болгонго чейин эле эл оозуна алынган, өз кызматын татыктуу аткара билген, жогору жактын мактоосуна татыган кызматкерлерден болгон. Тагыраак айтканда, эл аралык террорчуларга каршы күрөштө Милициянын полковниги Жаныш Бакиевге Ата-Мекенди коргоодо көрсөткөн жеке каармандыгы жана эрдиги жана аскердик кызматтык парзын үлгүлүү аткаргандыгы үчүн тунгуч президент Аскар Акаевдин колунан Ардак Грамота менен сыйланган. Анын мындай күжүрмөн ишинен алган сыйлыктары эсепсиз. Ар бирин жазсак барактын бети жетчүдөй эмес. Кыргызстандан алган эсепсиз сыйлыктарын санабасак да, КМШ жана чет өлкөнүн 43 төш белгиси менен сыйланганын айтпасак болбос.

Генерал Жаныш Бакиевдин мамлекеттик наамдарын эске сала кетсек:

Алкыш. Сыйлыктары. Наамдары.

-1980-жылы милициянын лейтенанты;

-1983-жылы милициянын ага лейтенанты;

-1983-жылы «Мыкты из кубар кызматкери»;

-1986-жылы милициянын капитаны;

-1985-жылы Кыргыз ССРинин ИИМинин "милициянын отличниги" төш белгиси;

-1988-жылы СССРдин ИИМнин "милициянын отличниги" төш белгиси;

1989-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун указы менен "Коомдук коопсуздукту сактоодогу мыкты кызматы үчүн" медалы;

-1990-жылы милициянын майору;

-1990-жылы СССРдин ИИМнин ведомстволук медалдары;

-1994-жылы милициянын подполковниги;

-1995-жылы 10 жыл каармандык менен кызмат кылгандыгы үчүн;

-1998-жылы милициянын полковниги;

-2006-жылы генерал-майор;

-2009-жылы генерал лейтенант наамы;

- кылмыштуулук менен күрөшүүдө кошкон салымы үчүн;

-15 жылы каармандык менен кызмат кылгандыгы үчүн;

-20 жылы каармандык менен кызмат кылгандыгы үчүн;

-1999-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин указы менен Баткен окуясындагы кызматы үчүн "Ардак грамота";

-2000-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин указы менен каармандык менен кылган кызматы үчүн төш белги;

-2010-жылы КМШ жана чет өлкөнүн 43 төш белгиси;

-Бир канча жолу КРдин ИИМнин Ош ОИИБнүн жетекчилиги тарабынан оор кылмыштардын бетин ачууда жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө кошкон салымы үчүн алкыш жарыяланган;

-ИИМде кызмат кылгандан тартып бир канча жолу чет өлкөдө жана СССРдин шаарларында билимин жогорулатуу курстарын бүтүргөн;

-2001-2007-жж "уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү укуктук суроолор жана аны ишке ашыруудагы комплекстүү иш алып баруу" темасында кандидаттык диссертациясын жактаган;

-Маркум Жусуп Бакиев менен бирге 2005-жылдын август айында "Эмгек жана Биримдик" республикалык партиясын түзгөн демилгечи жана партиянын саясий кеңешинин мүчөсү;

-Партиянын саясый кеңешинин чечими менен Жусупбек Бакиев кайтыш болгондон кийин “Жусупбек Бакиев” атындагы фонддунун негиздөөчүсү жана жетекчиси;

-Мындан тышкары "Коопсуздук жана коомдук тартип" деген аталыштагы Кыргыз Республикасындагы аскер кызматкерлерине жана алардын үй бүлөөсүнө жардам берген фонд түзгөн;

Башкача айтканда Жаныш Бакиев ишин  милициянын лейтенантынан баштап, генералга чейин жеткен. Милициялар ала турган даражалуу сыйлыктардын баарына көрсөтүлгөн. Жаныш Бакиевдин адамдык сапатын, иш десе жеген ашын жерге койгон, ишин сүйгөн, иштин көзүн таба билген мыкты адис болгонун аны жакындан билгендер азыр да аңыз кеп кылып, генералдык мыкты сапатка ээ экенин айтып жүрүшөт. Ошон үчүн бийлик революциялык жол менен алмашкандан кийин аны атайылап каралоо, элге жек көргөзүү аракети күч болгон. Кудайдын көзү түз экен, кимдир бирөөлөр каралагысы келгени менен анын чыныгы генералдык сапаттарын, мыктылыгын мисал кылып, маселе чече албаган айрым “мажирөө” генералдардан түбөлүк өйдө экенин айтышкандар четтен чыгат. Убакыт дарылайт демекчи кечээ жакында эле аны каралоо күч болгону менен бүгүн коомчулукта аны урматтап-сыйлагандар көп экени талашсыз. Анткени, Жаныш Бакиев чыныгы генерал,  бүгүн бирди, эртең экини сүйлөбөйт. Каалайбызбы, каалабайбызбы Кыргызстандын тарыхында мыкты генералдардын алдыңкы сабында турат. Ошон үчүн Сизди тартынбай куттуктагыбыз келет. Туулган күнүңүз кут болсун урматтуу Жаныш Салиевич! Сизди урматтап, сыйлагандардын катарында биз да бар экенибизди айткыбыз кылат.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости