www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек ЖЭБиндеги авариялык кырдаалды иликтеген депутаттык убактылуу комиссиянын 13-марттагы жыйынында жылуулук борборуна алынган видеокамералардын да наркы талкууга алынган. “Электр станциялары” ААКсынын өкүлдөрү депутаттарга видеокамералардын базар баасынан 12 эсе кымбат алынышынын себебин дүйнөлүк стандартка ылайыкташтырылгандыгы менен түшүндүрүшкөн. Бул тууралуу маалыматты редакциябызга Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 14-мартта депутат Акылбек Жамангулов Бишкек ЖЭБине барып, талкууга алынган видеокамералардын санын жана сапатын тактап келди. Депутаттын айтымында жылуулук борборуна 123 камера жана бир сервер орнотулган. “Алардын сегизи гана атайын видеокамера катары мештерге жана барабандарга коюлган, ал эми калгандары кадимки эле күнүмдүк турмушта колдонулуучу жылуучу жана туруктуу камералар”, – дейт Акылбек Жамангулов.

Ошондой эле депутат аталган видео камераларды сүрөткө тарта келген.

Эске сала кетсек, ушул жылдын 26-январында "стандартка жооп берди баары “зыңкыйды” деп, өткөн жылы 31-августта  экс-президент Алмазбек Атамбаевди чакырып, ЖЭБдин ачылышын кылган эле. Тилекке каршы, Кудай “тойбостордун” бетин ачтыбы, ЖЭБ жарылып, ичи Түндүк муз океанына айланды. Ошентип, бийлик актана албай, колунан келгени элге жууркан таратымыш болгон.

Айтор, “кемпирди миң жасантсаң кыз болбойт” болуп, көрсө “ЖЭБди сулуу кылып, кашын боёп койгон тура”. Мындай калдайган элди, ал тургай ошондогу президентти алдаган Алмазбек Атамбаев деле үн катып чыкса жакшы болот беле? Баарынан дагы аттиш менен видеокамералардын баасы, кыргыз элин гана эмес дүйнө жүзүн таң калтырды болуш керек.

Кап, президентибиз Ким Чен Ын болуп калганда, ошол жемкорлорду оозун Ошту, тарбайтып туруп Ташкентти карай атып салмак. Чын эле мындай “ач көз”, кыргыз элинин кыпындай ойлобогон аткаминерлердин кимге кереги бар.

Кыскасы, ЖЭБдеги 386 млн долларды жеп койгон аткаминерлердин качан ичи жарылат болду экен. Күтө туралычы...Бул жерде Сооронбай Жээнбеков менен УКМК жетекчиси Абдил Сегизбаев күнөөлүүнү таап чыкса, капа болуп турган калдайган кыргыз элинин батасын алмак. Күч сиздерде...

А баса, депутат Акылбек Жамангулов ТЭЦдин эң кымбат алган видеокамераларынын сүрөтүн тартып чыгыптыр. Окурмандар, эң кымбат, баасы 1 000 (миң) АКШ долларынан өйдө турган камералар менен таанышып чыксаңыздар болот. Маскара, маскара мындай, кыргызга күйбөгөн "Нескаралардан" кудай өзү сактасын. Депутатка ыраазычылык. Тиги ЖЭБде (ТЭЦ) 100 гө жакын кытайлар жүрөт, аларды да сурап койсоңуз жакшы болот беле? 

Гүлжан Шерипбаева, NazarNews.kg

Последние новости