www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеӊештин «Кыргызстан» фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков Бишкек шаардык ардагерлер кеӊешинин төрагасы Эсенаман Тойгонбаев, Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары Виктор Андреев, Михаил Романенко, Мария Кирсанова, Жумабек Абиров, Усубакун Байсалов, Мелис Бейшеев сындуу согуш ардагерлеринин үйүнө барып, алдыда келе жаткан Улуу Жеӊиштин 73 жылдыгы менен куттуктады. Андан тышкары, аларга Жогорку Кеӊештин Төрагасынын атынан белек-бечкек тапшырып, материалдык жардам көрсөттү. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку Кеӊештин атынан согуш ардагерлерине чың ден-соолук, узак өмүр, бактылуу карылык тилеген депутат Алмазбек Баатырбеков: “Сиздерге, Сиздер аркылуу жалпы Кыргызстан калкына майрамдык маанай каалаймын. Арабызда аман жүрүп, карылык каадаңардан жазбай, нускалуу кеп-кеңешиңерди айтып, аксакалдык батаңарды берип, журт ичиндеги ынтымак менен ырашкерликти чыңдай беришиңерге тилектешмин”, = деди.

Белгилей кетсек, Кыргызстан Улуу Ата мекендик согушка 300 миңден ашуун уул-кызын узатып, анын ичинде 100 миңден ашуун мекендешибиз кайтпай калган. 73 кыргызстандык “Советтер Союзунун Баатыры” наамына арзыды, 34 жердешибиз “Даӊк” орденинин толук кавалери болду. Ошондой эле, жүз миӊдеген жердештерибиз ар кандай даражадагы орден-медалдар менен сыйланган.

Эӊ өкүнүчтүүсү, акыркы маалыматтарга караганда, азыр арабызда 475 гана согуш ардагери калыптыр. Биз согуш менен ооруктун катышуучуларын ар дайым эстен чыгарбай, ар бирине жардам берип, камкордук көрүп, ызаат кылууга тийишпиз. Согуш ардагерлеринин эрдиги кылымдан-кылымга, муундан-муундарга чыныгы каармандыктын үлгүсү катары кала берет.

Булак: NazarNews,kg

Последние новости