www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайлык соцтармак колдонуучулары франциялык Dior мода үйүн азиялык аялдын сүрөтү менен чыгарган жарнамасын сынга алды. Бул тууралуу Bloomberg жазды.

Интернет колдонуучуларынын ою боюнча, Dior жаңы каталогу үчүн сулуу эмес моделди тандап алган. Бул нерсе азиялык аялдардын келбети боюнча жалган таасир калтырат.

​Сүрөттү кытайлык художник Чэнь Мэн тартып, Шанхайдагы көргөзмөгө коюлган. Анда салттуу костюм кийген аял колуна Lady Dior сумкасын көтөрүп алган. Чачы түйүлүп, бетинде сепкилдери бар.

Бул сүрөт соцтармак колдонуучуларын ызага батырды. Жарнамалык кампаниянын айынан брендге аз жерден бойкот жарыяланып кете жаздады. Мисалы, Beijing Daily мамлекеттик гезитине "Dior мода үйүнүн көзү боюнча азиялык аял ушундайбы?" деген макала жарыяланды. Басылма франциялык фирмага каарын төгүп, сүрөт кытайлык керектөөчүлөрдү ыңгайсыз абалда калтырганын жазган.

"Көптөгөн жылдардан бери азиялык аялдарды көзү ичке, бети сепкил деп элестетип келишкен. Бирок Кытайдын сулуулук жана искусствого болгон көз карашы бурмаланбашы керек", — деп жазылган макалада.

Dior компаниясынын өкүлдөрү кытайлыктардын критикасына комментарий бере элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости