www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
846 млн доллар кеткен бул жолдун официалдуу аты Түштүк-Түндүк атаандаш автоунаа жолу. Кытай элчиси Ду Дэвень «Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун» экинчи фазасы бүткөнү үчүн Ардак грамота алды. Ал Кытай менен Кыргызстандын ортосунда болуп жаткан кызматташтыкты колдогону үчүн алып жатса керек.
Акаевдин тушунда курсакта тогуз ай жаткан баладай, тогуз айда Кыргызстанды кайсап экономикалык жактан алсыздыкка дефольтко алып келген Кубанычбек Жумалиев Алмазбек Атамбаевдин атын түбөлүккө калтыруу үчүн “Түндүк-Түштүк” жолуна берүү демилгеси менен чыккан. Кытайдан келген карыздарды туш келди сапыруунун кажети бар беле?
Мурунку бийликтегилер бул Түндүк-Түштүк жолу 100 пайыз «платный» жол болорун билдиришкен. Андан тышкары Кочкор-Кубакы жолу да акча төлөгөн жолго кирет дешкен. Албетте, канча акча төлөсө да бул жол үчүн Кыргызстан алган карыздарды качан төлөп бүтүрөт?
Жок дегенде Кытай-Кыргызстан –Өзбекстан эл аралык темир жолу курулса, төлөнүп калмак, ал эми Ош-Бишкек жолунан узак, анан акча төлөгөн жол болсо, кимдер ал жол менен жүрөт? Эрте жете турган жана бекер жол менен жүрүшпөйбү.
Ошондон соң Жогорку Кеңеште жолду курууга байланышкан маселени иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн. Мурун оозуна талкан сугунуп алгансып унчукпай турган министрлик эми унчуга баштады. Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министринин орун басары түндүк-түштүк альтернативдүү жолуна тартылган каражат тууралуу маалымат берген. Бул долбоордун баасы баш-аягы 937 миллион 500 миң доллар деп эсептелген.
Анын ичинен 857 миллион 400 миң доллары насыя, 46 миллион 200 миң доллары грант. Бул каражат Кытайдын Эксимбанкы жана Азия өнүктүрүү, Ислам өнүктүрүү банктарынан алынган. Кыргыз өкмөтү ага 33 миллион 700 миң доллар кошкон. Бул тууралуу түндүк-түштүк жолунун курулушун иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын отурумунда айтылды. Анда комиссиянын мүчөлөрү жолду куруу салыштырмалуу кымбат экенин, иш шашылыш башталып, көп чыгым кеткенин айтышты.
Балыкчы–Кочкор–Чаек–Арал–Казарман–Жалал-Абад багытындагы 433 чакырымдык жол Кыргызстандын эгемендикке ээ болгондон берки эң ири долбоорлордун бири катары айтылып жүрөт. Анын 200 чакырымга жакыны жол такыр түшө элек тилкелерден өтөт. Долбоор 2014-жылы башталган. Кытайдын «China Road & Bridge Corporation» корпорациясы жүргүзүп жаткан курулуш иштери үч фазага бөлүнгөн.
Кыргызстандын Баш прокурору Курманкул Зулушев азыркы учурда жүрүп жаткан конституциялык реформанын алкагында прокуратурага тергөө укугу бериле турган болсо, анда Дача-СУ каргашасы, Түштүк-Түндүк атаандаш автоунаа жолу, Ысык-Көлдөгү ат майдан, Датка-Кемин электр чубалгысы жана башка он чакты тергөөсү аяктабаган жазык иштери жыйынтыктала тургандыгын билдирди.
Ал конституциялык реформанын жыйынтыгы менен прокуратура тергөөнү жүргүзүүгө укук алат деген ишеничин да кошумчалады. Баш прокурор бул тууралу маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айткан.
Бул маалымат жыйындын алдында Башкы прокуратуранын коллегиясынын отуруму өтүп, анда 2020-жылда аткарылган иштердин жыйынтыгы талкууланган. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, «Республика – Ата Журт» фракциясынын мүчөсү болгон Курманкул Зулушев былтыр октябрда элдик толкундоолордун натыйжасында бийлик алмашкандан кийин башкы прокурор болуп дайындалган. Ал кызматка келгенден кийин аталган органдын жетекчилик курамы да алмашкан.
Бул долбоордун баасы баш-аягы 937 миллион 500 миң доллар деп эсептелген. Анын ичинен 857 миллион 400 миң доллары насыя, 46 миллион 200 миң доллары грант. Карыз берсе ала бер, “карманыңа” сала бер, Балыкчыдан Жалал-Абадга чейин 433 чакырым жер. Жалал-Абаддан Казарманга чейин биринчи этапты бүтүрүүнүн баасы 400 млн доллар, экинчиси Казармандан Аралга чейин, үчүнчүсү Аралдан Балыкчыга чейин.
Кытай бул жолго Эксимобанк аркалуу долларларын бөлгөн. Айта кетмекчибиз Бишкек-Торугарт 539 чакырым жолуна 400 млн доллар кетип, бирок таш кулаган жерде таш кулаган бойдон калган. Унаа жана жол министрлигинин билдирүүсүндө 1996-жылдан 2016-жылга чейин Кыргызстан трассалардын курулушуна 2 млрд 521 млн доллар короткон. Алардын 206 млну грант, калганы бүт келечек муун төлөй турган карыздар. Саресеп салсак, бул жакка аз акча менен көп жол курулмак.
Бул жолду China Road and Bridge Cо компаниясы көздөйт, Балыкчы-Корумду жолун салган чакырымына 747,1 миң доллар чакырымына короткон “Лонг Хай” компаниясына караганда, бул компания чакырымына 2 млн 935,1 млн доллар коротушат. China Road and Bridge Cо НДС салыгын да төлөбөйт.
Бул компанияда түзүлгөн келишимдин аркасы менен цемент аралашмасынын тоннасын башкалар 44-45 доллардан алса алты эсе кымбатка 280 доллардан сатып алышат. 20 сантиметр кум-шагыл төгүлө турган жерди бекемдөө үчүн биздикилер 10 доллар коротсо, бул жерде 43 доллар кетирет.
Гидроизоляциялоо үчүн да баа эки эсе көтөрүлгөн. Карьерден материалдарды ташып келип төгүү үчүн China Road and Bridge Cо 8 доллар, жер кыртышы үчүн 11 доллар кетирсе, биздин ишканалар 2,23 жана 2,5 доллар гана коротушат. Жолду тазалоо үчүн баа 2,8 эсе жогору тургандыгы да таң калтырат. Бардыгын эсептегенде баалар үч пайызга көтөрүлгөн.
Бул жолду курууга эмне себеп болгон? Атамбаевдин элге айткан кайрылуусунан: “Бүгүн Атамбаевдин башка долбоорлору сыяктуу эле «Түндүк-Түштүк» альтернативалык жолдун долбоорун да не деген ыпылас сөздөр менен аёосуз шыбап атышат.
Бирок 6 миллион калкы бар өлкөгө анын эки бөлүгүн бириктирген жалгыз кан жолдун болушу абдан опурталдуу экени эч кимдин оюна келбейт. Биздин сейсмикалык жактан коркунучтуу болгон тоолуу аймагыбызда жайгашкан Төө-Ашууда, мисалы, жаратылыш кырсыгы жүз берчү болсо, ал өлкөнүн Түштүгү менен болгон байланышты бир нече жылдарга тыптыйпыл үзүп салат.
Кудай сактасын, кырсык болуп тоннелден өтүп бараткан бензовоз жарылса, же азыркы мезгилде дүнүйөдө көнүмүш болуп бараткан террор актысы болсо, тоннел кыйрап, өлкө экиге бөлүнүп калат”.
Жамандыкты ойлобойлу, кокустан деңиз алдында курулган Ла-Манш кысыгында кырсык болуп Англия менен Франция катышпай калат деп эч ким ойлобойт. Байманабыз ашып ташып жаткансып, Кытайдан келген карыздарды Тогуз-Торо районунун экономикасы гүлдөш үчүн чачуунун кереги бар беле?
Керек болсо бир чоң айыл өкмөтүндөй Тогуз-Торо районунда “Макмалалтын” алтыны түгөнүп, элди бош калтырбай иштетиш үчүн мурунку бийлик Кытай аркылуу бир ишкана куруп, бирок анысы элдин купулуна толбой өрттөп жиберишкен. Алтыны болсо да бир жөн биздин Тогуз-Торого альтернативдүү жол салуунун эмне экономикалык башка себеби бар? Бул жол өзүн-өзү актайбы же акча жоготуунун булагы болуп калабы?
Албетте, башталган иштин аягына чыгуу керек. Бирок эмне үчүн келечектен карыз алышыбыз керек? Мейли, Кытай карыз берсе алалы, бирок азыркы мезгилде 937 млн долларды бул дайынсыз жолго коротпой эле Түндүк менен Түштүктү бириктирген темир жолдун курулушуна коротсок деле болмок. Темир жолдун пайдасы тууралуу өзүнчө сөз болмокчу. Кытайдын карыздары пайдалуу жумшалды беле?
Акыркы мезгилдерде Кытайга болгон карыздарыбыз чач кирпигибиз менен тең болуп, өсүп кетти. Кытайга 2029-жылдан баштап карыздарды төлөө башталат. Кытайдан келген карыздарды туш келди сапыруунун кажети бар беле?
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg