www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыздын белдүү кино тасмаларында өзгөчө образдарды жаратып, өзүнүн нукура сулуулугу, назиктиги менен элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон актриса Элина Абай кызы биз менен сулуулук сырлары тууралуу бөлүштү. Элина сулуулугуна, ден-соолугуна кам көрүү үчүн төмөндөгү 5 принципти бекем карманат. “Алар кайсылар?” десениздер төмөндөгүлөр!

1.Эртең менен чуркоо

Физикалык күчтөрдү ар дайым бүгүн да абдан жакшы көрөм. Себеби, ал денени бир калыпта кармап, адамды чыңдап жана маанайды көтөрөт. Өзгөчө эртең менен чуркоо, андан соң көнүгүү жасоо абдан пайдалуу. Менин чуркоом 40 мүнөткө созулат. Ар жумада 4 жолу чуркайм. Эртең менен чуркай албай калсам, анда кечинде сөзсүз чуркаганга аракеттенем. Мындан сырткары жумасына үч жолу машыгуучу залга барам. Мына ушунун баары мага ар күнү жакшы маанайда жүрүүгө өбөлгө түзүшөт.

2. Рациондо жер-жемишти көбөйтүү

Туура тамактануу- узак жашоонун, ден-соолуктун чыңдыгынын белгиси. Бул тууралуу адамдардын баардыгы билишет. Мен калорияларды санабайм жана кечки алтыдан соң тамак жебейм деп айтпайм. Буга мыйзам да жол бербейт. Болгону ашказанымды тамак менен толтуруп албай, анын ордуна жер-жемишти көбүрөөк пайдаланууга аракет кылам. Мисалга, жеңил салат менен ун кошулган тамактын бир түрүн жейм. Таттууларды абдан жакшы көрөм. Бирок, аларды тиш дарыгерине тез-тезден барбоо үчүн чеги менен кабыл алам.

3. Спирт ичимдиктерин кабыл албоо жана тамеки чекпөө

Бул эрежеде сенсациялык ачылыштын деле кереги жок. Баары менсиз деле билишет. Мындан сырткары кофе, чай жана газдалган суусундуктарды ичпейм. Кайнатылган кипяток, газбалбаган минералдык суу жана биздин улуттук суусундуктарды сүйүп ичем. Мага баарынан шоро, кымыз абдан жагат.

4. Организмди тазалоо

Организм витаминдерди абдан талап кылат. Менин пикиримде, витаминдүү курс ар бир адамда болуу кажет. Мисалы, организмди кышкы мезгилде витаминдер менен азыктандыруу керек. Тери кургак болгондо түрдүү маскаларды колдонуп, ден-соолугубузга көңүл бурушубуз зарыл.

5. Жан дүйнөнүн бай болушу

Сырткы сулуулуктан сырткары, менин пикиримде ар дайым баалана турган бул - адамдын ички жан дүйнөсүнүн бай болушу, тазалыгы, акылмандыгы, маданияты жана жакшы сапаттары . Анан да эң маанилүүсү- ден-соолук!

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости