www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөттүн Ысык-Көл облусунун жаңы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган Балбак Түлөбаев мушкер Дастан Али Шаршеевди өзүнө жардамчы кылып алды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасынан билдирди.

"Урматтуу калайык калк! Дастан Али Шаршеев деген жигитти жардамчы кылып алдым. Эми элине кызмат кылсын", - деп жазган Балбак Түлөбаев.

Белгилей кетсек, Балбак Түлөбаев кечээ, 27-июлда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган. Бул кызматка келгенге чейин ал Бишкек шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости